Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Амангелдиев Орусиянын энергетика министри менен күйүүчү май маселесин талкуулады

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 1-июлда Орусияда бул өлкөнүн энергетика министри Сергей Цивилев менен жолугуп, күйүүчү-майлоочу майга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” телефондон берген чакан маегинде айтты.

Анын сөзүнө караганда, Сергей Цивилев Орусияда бензин жана солярканын тартыштыгы жөнгө салынгандан кийин Кыргызстанга мурда жетишилген келишимдерде көрсөтүлгөн көлөмдө күйүүчү майды берип баштарын айткан.

Орусияда иш сапары менен жүргөн Данияр Амангелдиев бул өлкөдө күйүүчү-майлоочу май тартыш болуп жатканын өзү да байкаганын кошумчалап, Кыргызстанда калкты бензин, солярка менен камсыздоо боюнча өкмөт көрүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди:

“Ормуз кысыгы жабылганда да дүйнөдө нефтинин баасы кымбаттап кетти. Өкмөт токтом кабыл алып бааны турукташтырып жатат. Биз мындай аракеттерди дагы да кыла беребиз. Биз Нефтетрейдерлер ассоциациясына, күйүүчү май ташыган ишканаларга кымбат болсо да сатып келип, мамлекетти күйүүчү май менен камсыз кылып тургула ортодогу айырманы кенемте берип чечебиз деп айтып жатабыз”, - деди ал.

Мунун алдында Энергетика министрлиги Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.

Кыргызстан күйүүчү майдын 90-95 пайызын Орусиядан импорттогондуктан ушул тапта Кыргызстандагы айрым май куюучу жайларда АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы байкалууда. Өлкөнүн жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннаны түзөт.

Кыргыз өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, солярканын баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланат.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводуна айына 24 миң тонна бензин өндүрүү, ушул жылдын аягына чейин бул көлөмдү 50 миң тоннага чейин жеткирүү тапшырмасы коюлду. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG