Кыргызстанда ушул жылдын биринчи кварталында (январь–март айлары) чет өлкөлөрдөн тартылган түз инвестициянын көлөмү 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34% жогорулап, 386,7 млн долларды түздү (2025-жылдын январь–март айларында 288,2 млн доллар болгон).
Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кабарлады.
Түз инвестициянын эң көп бөлүгү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип - 93,6 млн долларды түздү. Андан кийин өнөр жай сектору турат - 90,1 млн доллар.
Аймактарга бөлүп караганда чет өлкөлөрдөн тартылган түз инвестициянын 30% Бишкек шаарына туура келип, 115,8 млн долларды түздү. Талас облусуна 80,3 млн доллар, Нарын облусуна 69,7 млн доллар жана Чүй облусуна 68,6 млн доллар инвестиция тартылган. Жалал-Абад облусуна тартылган инвестициянын көлөмү 43,3 млн доллар болду. (BTo)
Шерине