Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулат

Бишкекте эл ташыган автобустар.
Бишкекте эл ташыган автобустар.

1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени накталай акча менен төлөө токтотулат. Жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт” банктык карталары жана QR-код менен төлөсө болот. Акысы 17 сом.

“Тулпар” картасы жок жүргүнчүлөр үчүн Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду автобуста орнотулган валидаторго тийгизүү керек.

“Тулпарды” колдонгондор биринчи автобуска түшүп, акча төлөгөндөн кийин 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолу бекер жүрө алышат.

Андан тышкары ушул күндөн баштап автобустардын каттам номурларын алмаштырып, 1ден 72ге чейинки номур берүү пландалган. Азыркы каттамдагы №216, №226, №295 номурлары жоюлуп, №1, №2, аягы №72 номурга жетет. Узун каттамдар кыскартылат.

Ошондой эле шаардын негизги райондорун бириктирип каттаган түнкү автобустар иштей баштайт. Автобустар саат 22:00дөн 05:00ке чейин жүрүп аралыгы 40 мүнөттөн болот. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG