Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1700дөн ашты

Зилзаладан Ла Гуйара аймагы өзгөчө жабыркады. Венесуэла, 28-июнь 2026-жыл
Зилзаладан Ла Гуйара аймагы өзгөчө жабыркады. Венесуэла, 28-июнь 2026-жыл

Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1719 кишиге жетти, 5 миңге жакыны жараланды. Бул тууралуу БУУ маалымдады.

25-июнга караган түнү магнитудасы 7,5 жеткен кош зилзаладан Ла Гуайра штаты өзгөчө жапа чекти. Адистер бул жүз жылдан берки эң кыйратуучу жер титирөө болгонун айтышат.

Баш калаа Каракас да кыйроого учурады.

Куткаруу иштерин улам-улам болуп жаткан силкинүүлөр кыйындатып жатат. 25-июндан бери 500гө чукул афтершок катталды.

Аман калгандарды издөө иштерине 27 өлкөдөн келген куткаруучулар катышууда. Соңку маалыматтарга ылайык, эки жарым миң имарат толугу менен же жарым-жартылай урады, 12 миңдей киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Канча кишинин дайыны чыкпай жатканы расмий айтылган жок, бирок медиа он миңдеген киши болушу мүмкүн деп жазууда.

Буга чейин БУУ зилзаланын чыгымы 6,7 млрд долларга жетиши мүмкүн деп билдирген. Бул – Венесуэланын ички дүң өндүрүмүнүн дээрлик 6% түзөт.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG