Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонаботтун сөөгү табылды

30-июнда Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонаботтун сөөгү табылды. Тажикстан
30-июнда Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонаботтун сөөгү табылды. Тажикстан

Тажикстандын Чукул кырдаалдар комитети 30-июнда Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы Алишер Мирзонаботтун сөөгү табылганын билдирди.

“Озоди” радиосу мекеменин басма сөз катчысы Ориф Нозимиенго шилтеме менен маалымдагандай, сөөктү Шохин районунун Кишт Шамсиддин айылына жакын жерде таң эрте табышты. Соттук-медициналык экспертиза маркумдун тек-жайын аныктады.

Комитет жол кырсыгына кабылган Мирзонаботтун аялын жана эки жашар кызын издөө уланып жатканын кошумчалады.

26-июнда төраганын жардамчысы Садоншо Жанобалишонун, ага чейин айдоочусу Сино Муборакшоевдин сөөктөрү табылган.

17-июнда Мирзонабот, жубайы, баласы жана жардамчысын Дүйшөмбүдөн Хорогго алып бараткан автоунаа Дарваз районунда Пянж дарыясына кулап кеткен.

"Катуу ылдамдыктан улам автоунаа эки мамыны жана тосмо зымды сүзүп өтүп, андан соң Пянж дарыясына кулап кеткен", — деп билдирген Ички иштер министрлиги.

Мирзонабот Тоолуу Бадакшан автоном облусунун төрагасы жана ошол эле учурда Мажлиси Миллинин (парламенттин жогорку палатасынын) төрагасынын орун басары кызматтарын аркалап келген. Ал 16-июнда Дүйшөмбүдө өткөн парламенттин жогорку палатасынын жыйынына катышкан.

Мирзонабот 46 жашта болчу жана 2021-жылдан бери Тоолуу Бадакшан автоном облусун жетектеп келген. Ага чейин Хорог шаарынын мэри болуп иштеген. Ал эми 2018-жылга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Бадакшан облусунун айрым тургундары аны ондогон активисттерди жана бийликке нааразы болгон адамдарды куугунтуктоого байланыштырып келишет.

Алишер Мирзонабот облусту жетектеп турган мезгилде, 2022-жылы Тоолуу Бадакшан автоном облусунда жергиликтүү тургундардын нааразылык акциялары күч менен басылган.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын май айында Хорог жана Рушан шаарларындагы нааразылык акцияларын күч менен таратуу учурунда болжол менен 40 адам набыт болгон.

Тажикстандын бийлиги акцияга каршы аракетин "антитеррордук операция" деп атаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG