Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:15

Башкы прокурордун милдетин Малик Бектурганов аткарат

Бектурганов Малик
Бектурганов Малик

30-июнда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Кыргызстандын баш прокурорунун милдетин убактылуу аткаруу Бектурганов Малик Маамыталиевичке жүктөлдү. Бул тууралуу маалымат “Ынтымак Ордонун” сайтына жарыяланды.

51 жаштагы юстициянын генерал-майору баш прокурордун биринчи орун басарлыгына быйыл 14-февралда дайындалган.

Бектурганов 1974-жылы Фрунзе шаарында туулган, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Баш калаанын райондук, шаардык прокуратураларында, Башкы прокуратурада эмгектенген.

2018–2021-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2021–2022-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарынын прокурору, 2022–2024-жылдары Ош шаарынын прокурору, 2024-жылдан бери башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

Ушул эле күнү баш прокурор Максат Асаналиев кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.


Шерине

​
XS
SM
MD
LG