Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Бишкекте АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына арналган иш-чара өттү

АКШнын элчиси Лесли Вигери иш-чараны ачып жатат, Бишкек, 1-июль, 2026-жыл
АКШнын элчиси Лесли Вигери иш-чараны ачып жатат, Бишкек, 1-июль, 2026-жыл

АКШнын Бишкектеги элчилигинде Кошмо Штаттардын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Иш-чараны АКШнын элчиси Лесли Вигери ачып, бул тарыхый күндүн маанисине токтолду. Ал 250 жыл мурун Американын негиздөөчүлөрү өтө чоң тобокелдикке барып, дүйнө тарыхын өзгөртчү иштерди жасаганын белгиледи:

"Алардын кеменгерлиги келечекти көрө билгенинде болгон. Ошондуктан ийкемдүү жана бекем системаны кура алышты. Биз бүгүн бул системаны Кыргызстан менен бекем, эки тараптуу алака түзүүдө колдонуп жатабыз. АКШ Борбор Азияда өзүнүн алдына амбициялуу максаттарды койгон жана акыркы бир жылда эки тараптуу мамилелерде бир топ ийгиликтерге жетиштик” - деди элчи.

Вигери буга мисал катары Вашингтондо өткөн С5+1 форматындагы жолугушууну, бир катар экономикалык долбоорлорду атады.

Элчи Вигери быйыл күзүндө дипломатиялык ишмердигин жыйынтыктап, эс алууга кетерин да жарыялады.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

АКШ дипломаттары кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндөгү жаңы келишим даяр экенин жана ага тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын белгилешкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG