Рейтер Казакстан Орусияга 50 миң тонна бензин жеткирүүнү макулдашканын билдирди

Иркутскидеги май куйган жайда кезекке тургандар.

Рейтер агенттиги төрт булакка таянуу менен Казакстан июль–август айларында Орусияга гуманитардык жардам иретинде 50 миң тонна бензин жеткирүүгө макул болгонун жазды.

Ушу тапта Орусиянын бензинге болгон бир күндүк муктаждыгы болжол менен 110–115 миң тоннага жакын. Казакстан бере турган көлөм бир күндүк керектөөнүн жарымы гана деп белгилеген агенттик.

Буга чейин Рейтер Москва Казакстандан болжол менен 50 миң тонна АИ-92 бензинин сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган. Астана бул маалыматты төгүндөгөн.

Казакстандын Энергетика министрлиги Рейтердин суроосуна жазуу түрүндө жооп узатып, Орусиянын мамлекеттик органдарынан мунай өнүмдөрү жаатында гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуу түшпөгөнүн билдирген.

Ошол эле маалда министрлик орусиялык нафтанын негизинде иштеген "Конденсат" мунай иштетүүчү заводунан Орусияга бензин экспорттоо ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Министрлик экспорттоо мүмкүнчүлүгү Казакстандын ички рыногунун мунай өнүмдөрү менен камсыз болушуна жана "Татнефть" камсыз кылган чийки затка жараша болорун билдирген.

Рейтердин маалыматында, АИ-95 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндер Павлодар мунай-химия жана "Конденсат" заводдорунан алынышы мүмкүн.

Орусия өлкөдөгү күйүүчү май тартыштыгын азайтуу максатында бензинди Индиядан сатып ала баштаганын билдирди.

Рейтерге маалымат берген булактар Украинадагы согушка байланыштуу киргизилген санкциялар бензин ташууга жана төлөм жүргүзүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин эскертишкен.

Өткөн жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин украиналык дрондордун өлкөдөгү мунай иштетүүчү заводдорго урган соккулары айрым аймактарда күйүүчү май тартыштыгына себеп болгонун моюнга алып, көйгөйдү чечүү үчүн чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө сел эс алуу жайлары менен турак үйлөрдү каптадыДайырбек Орунбеков кыргыз алфавити өзгөртүлбөй турганын айттыИрандын өкүлү АКШ менен макулдашуу боюнча жумуш топтору түзүлгөнүн билдирди