Чет өлкөлүк расмий өкүлдөр Ирандын мурдагы жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин зыйнатына катышуу үчүн Тегеранга чогулууда. Бул тууралуу Ислам жумуриятынын мамлекеттик телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, жума күнү Кытай, Беларус, Ирак жана Түркмөнстандын делегациялары маркумдун табыты орнотулган Мосалла Имам Хомейнинин комплексинде болушту.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 3-июлда Тегеранга Тажкистандын президенти Эмомали Рахмон, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян барды.
Өзбекстандан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмоилов баштаган делегация, Түркмөнстандан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандан тышкы иштер министри Ермек Кошербаев катышууда.
Кыргызстандан парламенттик делегацияны спикер Марлен Маматалиев баштап барары буга чейин кабарланган.
Бир жумага созулган иш-чаралар Тегеранда башталып, Кум жана Иракта уланат жана 9-июлда маркумдун сөөгү кичи мекени Мешхед шаарында жерге берилмекчи.
28-февралда Израил жана АКШ Иранга сокку ура баштаганда өлкөнүн жогорку лидери, 86 жаштагы аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнү маалымдалган.
Анын ордун баскан уулу Можтабанын жарадар болгону кабарланып келет. Ал ошондон бери эл алдына чыккан эмес. Жаңы жогорку көсөмдүн атасынын зыйнатына катышары же катышпасы белгисиз.
Али Хаменеи Иранды 30 жылдан ашуун башкарды. Анын бийлиги репрессиялар, басым-кысым, камоолор жана катуу саясий, социалдык чектөөлөр менен коштолду.
Анын каза болгонун уккан айрым ирандыктар кубанганын ачык билдиришип, анын айынан камоо, оор жазаларга жана кээ бир учурларда өлүм жазасына тартуу коркунучу жаралды.