Иран: Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Ирандын маркум жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты

Төрт ай мурун өлтүрүлгөн Ирандын маркум жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин сөөгүн жерге берүү зыйнаты башталды. Коштошуу аземи беш күнгө созулат. Өлкөнү 37 жыл башкарган Хаменеиге ирандыктардын мамилеси ар кандай. Анын бийлиги маалында миңдеген адам репрессияга кабылган.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ура баштаганда өлтүрүлгөн, өлкөнү отуз жылдан ашык өлкөнү темирдей тартип менен башкарган Аятолла Али Хаменеинин сөөгүн жерге берүү зыйнаты төрт айдан кийин башталды.

Беш күн Иран өз тарыхындагы эң ири жана эң оор аза күтүүнү өткөрөт.

Коштошуу иш-чаралары Ирандын Тегеран, Кум жана Мешхед шаарларында, андан тышкары коңшу Ирактын Багдад, Кербала жана Нажаф шаарларында уюштурулат.

9-июлда анын сөөгү Мешхед шаарындагы Имам Резанын күмбөзүнүн жанына коюлат.

Ирандын башында 37 жыл турган Хаменеи өлкөнү эң узак жетектеген жогорку лидер болуп калды. Ал ошондой эле заманбап Ирандын тарыхындагы эң таасирдүү инсандардын бири катары саналат.

Укук коргоочу Таки Рахманинин айтымында, коштошуу аземи өлкөнүн "пайдубалы дагы эле бекемдигин" көрсөтүү үчүн бир нече күнгө созулууда.

Рахмани Ислам Республикасы ушундай жол менен чет өлкөлөргө да, өз жарандарына да күчүн көрсөтүүгө аракет кылып жатканын белгилейт.

Ал кошумчалагандай, бийлик коркутуу жана авторитардык башкаруу аркылуу таасирин сактап калууга умтулуп жатат.

Бирок ошол эле учурда мамлекет менен коомдун ортосунда ажырым өтө чоң.

Укук коргоочу Ирандын калкын жакыр, алсыз, кысым астында жашап, бийликке нааразылыгы күч коом деп мүнөздөдү.

Эмне себептен Хаменеинин сөөгүн жерге кеч берип жатышат?

Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты март айында, ал 28-февралда өлтүрүлгөндөн көп өтпөй өтүшү керек эле. Бирок андай болбоду. Мунун өзү бүгүнкү Иран кандай абалда экенин көрсөтүп турат.

Хаменеинин өлүмүнөн кийин өлкө дагы эле согуш абалында болгондуктан, сөөктү жерге берүү пландары кайра-кайра өзгөртүлүп турган.

Бийлик коопсуздук тобокелдиктерин, чет өлкөлүк делегациялардын катышуусун жана жаңы жогорку лидерди тандоо маселеси чечиле электигин эске алууга аргасыз болгон.

Натыйжада Хаменеинин сөөгү бир нече ай атайын жайда кармалып турду.

Бул аралыкта Ислам Республикасы экинчи жогорку лидерин коомдук башаламандыкты же жаңы чыңалууну жаратпай, тынч жерге берүү жолдорун издеп жатты.

Тегеранда өткөн тажияда Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеинин жубайы Захра Хаддад Аделдин табытынын жанында дуба кылып жатышкан ирандыктар. 2-июль, 2026-жыл.

Эсептешүү учуру

Хаменеи 37 жыл ичинде каршылык акцияларын чет өлкөнүн кутуму катары эсептеп, нааразыларды катуу жазалаган системанын башында турду.

Бул 2009-жылдагы "Жашыл кыймылдан" тартып, 2022-жылдагы "Аялдар. Жашоо. Эркиндик" көтөрүлүшүнө жана согуш башталардан бир нече апта мурда чыккан кандуу нааразылык толкунуна чейин созулду.

Ошондуктан согушка карабай, коопсуздук күчтөрүнүн колунан өлгөн демонстранттардын жакындары жана башка көптөгөн ирандыктар Хаменеинин жан таслим болгонуна кубанганы таңкалычтуу эмес.

"Мен адилеттик зомбулукту жеңгендей сездим. Бул жылдар бою жүрөгүмдү оорутуп келген жараны бир аз да болсо дарылады", - дейт учурда Швецияда жашаган Милан Хакики. Анын уулу 2022-жылкы нааразылык акциялары маалында өлтүрүлгөн.

Бирок айрымдар Хаменеинин өз резиденциясына урулган соккудан өлтүрүлүшү Ислам Республикасына аны ыйык фигура катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди деп эсептешет.

Рахмани согуштун өзүн Ирандагы саясий оппозиция үчүн ийгиликсиз жагдай катары мүнөздөдү.

"Бул согуш көп аракеттердин натыйжасын төмөндөттү, Ирандын орто катмарын алсыратты жана режимге бийлигин бекемдөөгө түрткү берди", - деди ал.

Ошол эле учурда ал кырдаал морт экенин, оппозициялык күчтөр туура стратегия таппаса, дагы эле кыйрашы мүмкүн экенин айтты.

Дагы караңыз

Иран: Жогорку лидер болуп дайындалган Можтаба Хаменеи ким?

Көңүл Можтабада

Баарынан да азыр Ирандын үчүнчү жогорку лидери дегеле эл алдына чыгабы же жокпу деген маселе көптөрдү түйшөлтүп жатат.

Можтаба Хаменеи февралда согуш башталгандан бери коомчулукка көрүнө элек. Ал дайындалгандан бери анын видео, үнү же жаңы сүрөтү коомчулукка жарыялана элек. Мамлекеттик телеканалдардын алып баруучулары анын атынан жазылган билдирүүлөрдү гана окуп келишти.

Атүгүл анын кайнатасы Голам Али Хаддад Адел согушка чейин эле Можтаба менен байланышы болбогонун жана анын абалы тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин ачык айткан.

Можтаба 2-июлда атасы менен кошо ошол эле соккуда каза болгон жубайынын тажиясына да катышпады.

Ал эми Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруп жаткан расмийлер анын катышарын же катышпасын ачык айтуудан баш тартышты.

Эгер ал эл алдына чыкса, көңүл анын өзүнө эмес, атасынын жаназа намазын өзү жетектейби же жокпу деген суроого бурулат.

Айрым байкоочулар Можтаба катышса, бул милдетти өзү аткарышы мүмкүн деп эсептешет. Бирок расмийлер эч кандай белги берген жок.

Уулунун жай башында туруп, жаназа намазын өзү жетектеши бул коомчулук алдында таажы кийгизүү аземине тете иш болмок.

Макаланын автору Kian Sharifi. Ага «Азаттык» радиосунун фарси кызматы — Фарда радиосунун журналисттери Вахид Пуростад жана Фереште Гази көмөктөштү.
Кыргызчалаган Элиза Кененбаева