Нарында катуу шамалда интернет үзгүлтүккө учурады

Нарындагы "О" уюлдук операторунун кулап калган радиорейлик антеннасы. 4-июль, 2026-жыл.

4-июлдагы жаан аралаш катуу шамалдан Нарын шаарынын Ала-Мышык тоосунда жайгашкан ("Ала-Мышык" ренрансляторуна жакын жайгашкан) "О" уюлдук операторунун радиорелейлик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен аталган оператордун уюлдук байланышы үзгүлтүккө учураган. Бул боюнча Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Азыркы тапта байланышты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы бул күнү секундасына 12 метрден 28 метрге чейин жеткен.

Нарын облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, аймакта төрт күндөн бери жаан тынбай жаап, 4-июль күнү катуу шамал болгон.

Мындан улам Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейдин китепканасынын чатырын шамал учуруп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Кочкор райондорунда тынбай жааган жаан селге айланып, суу тогуз көпүрөнү жууп кеткен. 2-июль күнү Көл-Үкөк жайлоосунда жүргүзүлгөн коопсуздук иш-чараларынын алкагында төрт чет элдик турист жана 7 жергиликтүү өспүрүм коопсуз аймакка чыгарылып, Кочкор айылына жеткирилген.

Учурда Кочкор районунун аймагында сел жана суу ташкыны коркунучу бар тилкелерде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу, жоюу боюнча тиешелүү кызматтар үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп жатканын Кочкор райондук администрациясы кабарлады.

Аба ырайынын туруксуз болуп жатканына байланыштуу аталган администрация сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар аймактарга баруудан алыс болууга чакырат.

Дагы караңыз

Армениянын Конституциялык соту парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныдыСелден улам Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу жабылдыТажикстан Австриядан 18 оппозиционерди депортациялоону өтүндү