Ташовдун адвокаты видеодалилдер мыйзамсыз алынганын айтууда

Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

Камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева аны айыптоодо негизги далил катары алынган видеолордун аныктыгы тууралуу маселе козгоду. Бул тууралуу ал 5-июлда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Аргымбаеванын айтымында, Ташовду УКМК 2024-жылы апрелде кармап, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып таккан. Айып тагууга Ташовдун видеосу негиз болгону айтылган.

Адвокат сөз болгон видео өз учурунда бир катар мыйзам бузуулар менен алынып, анын түп нускасы белгисиз экенин айтып жатат:

"2026-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаардык сотунда камактагы Имамидин Ташовдун сотунда УКМКнын тергөөчүсү Б.Жумалиев суралган. АЛ №1 Тергөө абагынан жаздырылып алынган видеолордун түп нускасын ыкчам кызматкерден WhatsApp аркылуу гана алганын айты. Бирок, күнү-түнү кайтарууда турган режимдик объектиден бул видео кандай чыкты? Видео жасалган эмеспи? Ким берди деген суроолорго тергөөчү жооп бере алган жок", - деп жазды Аргымбаева.

Ал ошондой эле видео жаздырылган телефон же видео камера да алынбаганын айткан. Муну адвокат мыйзамы бузуу деп эсептейт. Мындан сырткары, Кылмыш-Жаза процессуалдык кодексинин 237-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, тергөөчү атайы отчёт бериши керек болгону менен бул иштерди ал аткарбагынын белгиледи.

Мындан улам иштин материалдарында отчет, соттук санкция жана тергөө абагында тергөөчүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугу тууралуу документ жок экенин кошумчалады.

"Бул кылмыш иши Имамидин Ташовго карата жөн гана токулган. Ташовдун эч кандай күнөөсү жок. Тергөө бир канча жолу мыйзам бузуу менен кылмыш иштерди илип, ал камакта кармалып келет", - деди "Азаттыкка" Аргымбаева.

Сөз болуп жаткан видео Ташов абакта жаткан маалда, 2023-жылы декабрда тараган. Анда ишкер ошол маалда издөөдө жүргөн Тилекмат Күрөңов менен сүйлөшкөнү тартылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, азыр иш каралууда.

Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып, кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салып, ачкачылык да жарыялаган.

Ташовдун адвокатынын билдирүүсүнө тиешелүү органдар комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Путин Трампты АКШнын эгемендиги менен куттуктадыНарында катуу шамалда интернет үзгүлтүккө учурадыАрмениянын Конституциялык соту парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныды