АКШнын президенти Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен 8-июлда НАТОнун Анкарадагы саммитинин алкагында жолугушат.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун кабарчысы Алекс Рауфоглу жана Reuters Ак үйдөгү булактарына таянуу менен билдирди.
Америкалык жогорку даражалуу аткаминер аталган агенттикке тараптардын жолугушуусунда согушту токтотуу маселеси талкууланарын айткан.
"Акыркы айларда майдандагы абал өзгөрө элек, тараптардын бири да олуттуу ийгиликке жетише алган жок. Президент бул жаңжалга чекит коюу зарыл экенин билет", – деген ал.
Анын маалыматына караганда, Трамп НАТОдогу өнөктөштөрүн коргонуу чыгымдарды көбөйтүүгө чакырат.
Мындан тышкары саммиттин алкагында Трамптын Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуулары пландалган.
НАТОго мүчө мамлекеттердин 36-саммити 7-8-июлда Түркиянын борбору Анкара шаарында өтөт. Ага альянска мүчө 32 мамлекеттин башчылары катышары күтүлүп жатат. Саммитте Орусиянын Украинага каршы согушу, коргонуу чыгымдары, НАТОнун түштүк флангындагы абал башкы тема катары ортого салынмакчы.
4-июлда АКШнын эгемендигинин 250 жылдыгы белгиленген күнү Путин да, Зеленский да Трампты телефондон куттуктаган.
Украинанын президенти бул сүйлөшүүдө Трамп менен согушту токтотуу маселеси тууралуу да сөз болгонун, талкууну Анкарадагы саммитте улантуу макулдашылганын маалымдаган.