NYT: Аятолла Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин Иранда таасир талаш күчөдү

2026-жылдын 4-июлу. Тегерандагы имараттардын биринде быйыл 28-февралда Израил менен АКШнын соккуларында өлтүрүлгөн 86 жаштагы Али Хаменеинин сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинип турат. Анын зыйнаты төрт айдан кийин, 4-июлда өттү.

Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи өлгөндөн кийин өлкөдө саясий күчтөрдүн ортосундагы ачык пикир келишпестиктер ич ара терең бөлүнүү бар экенин көрсөтүүдө.

Бул тууралуу The New York Times ирандык жогорку даражалуу төрт аткаминерге жана Ислам революциясынын сакчылары корпусунун эки өкүлүнө таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, ар кайсы саясий топтор жаңы жогору лидер Можтаба Хаменеиге таасир этүү үчүн "айыгышкан күрөш" жүргүзүп жатат.

Буга чейин Иранда негизги тиреш консерваторлор менен реформаторлордун ортосунда жүрүп келсе, азыр консерваторлор ич ара бөлүнүп жатканы басылманын маалыматында жазылган.

The New York Times гезитинин булактары белгилегендей, азыр кыйла прагматикалык топ үстөмдүк кылып жатат. Анын ичинде Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку даражалуу командирлери, парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибаф, президент Масуд Пезешкиан жана Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Мохаммад Багер Золгадр бар.

Дал ушул топ ок атышууну токтотууга жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштоого жетишкен. Ал эми катаал саясатты жактагандар Вашингтон менен кандайдыр бир эпке келүүгө караманча каршы. Гезит Можтаба Хаменеи Тегеранда 4-июлда өткөн атасынын зыйнатына Израилден күтүлгөн соккудан кооптонгондуктан катышпаганын белгиледи. Булактардын билдирүүсүндө, ал жаракат алгандан кийин коомчулукка сейрек чыгып калды, мындай жагдай Ирандын жаңы жетекчилигинин тегерегиндеги суроолорду күчөтүп жатат.

Ал эми The Washington Post Али Хаменеинин өлүмү Ирандын бийлигин алсыратпай эле, кайра күч түзүмдөрүнүн, баарынан мурда сакчылар корпусунун өкүлдөрүнүн таасирин күчөттү деп белгилейт. Басылма муну менен жарандык саясатчылар, анын ичинде президент Масуд Пезешкиан, тышкы иштер министри Аббас Аракчи экинчи планга сүрүлүп калганын белгиледи.

Дагы караңыз

Оштогу менчик мектептин жамааты жана ата-энелери президенттен жардам сурадыЖАМК Кадырбек Атамбаевдин абакта кыйноого кабылганын төгүндөдү