Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Америка Кошмо Штаттарынын компетенттүү органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында эл аралык издөөдө жүргөн алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталган А.А. Бишкекке алып келинип, тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта кармалган адам жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 15 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтиргени айтылат.
“Азаттыктын” өздүк булактары АКШдан кармалып келген жаран Абдиталип Акимов экенин билдиришти.
Укук коргоо органдары бул жөнүндө кенен маалымат тарата элек. Кармалган адамдын адвокаттарынан жа жакындарынан да комментарий алуу мүмкүн боло элек.
Абдиталип Акимов 1976-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылында туулган. Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин (АРИС) Кадамжай району боюнча эксперти болуп иштеген. 2012-жылы Кадамжай районунун акими болуп эмгектенген. Кийин Ак-Турпак айыл округун да башкарган.
Акимов 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо "Ынтымак" партиясы менен ат салышкан.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, 2023-жылы милиция алдамчылык маселесине байланыштуу Абдиталип Акимовго издөө жарыялаган. Иштин чоо-жайы белгисиз. (ErN)