Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбеков жана мекеменин буга чейинки төрт кызматкери кармалды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” өздүк булактары билдирди.
Аталган адамдар Аскердик прокуратурада кечээ, 6-июлдун кечинде суракка алынып, бүгүн 7-июлда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айрым басылмалар кармалгандарга коррупция боюнча айып тагылганын жазышты.
Кээ бир сайттар УКМК төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков да кармалганын кабарлашкан. Атайын кызматтын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, журналисттерди расмий булактарга гана таянып маалымат чыгарууну өтүндү.
Уранбек Шадыбеков ушул жылдын февраль айында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин кызматка келген. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шадыбеков кайра 8-июнда кызматтан алынган.
Февраль айында Ташиевдин ордуна УКМКнын төрагасы болуп бекиген Жумгалбек Шабданбеков да 30-июнда кайра кызматтан алынган. "Ынтымак Ордо" мунун себебин анын башка кызматка өткөнү менен түшүндүрүп, кайсы ишке барганын тактаган эмес.
Президент чыгарган тескемеге ылайык, 30-июнда башкы прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. (ErN)