Франциянын президенти Эммануэл Макрон расмий сапар менен Дамаскка барды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик SANA маалымат агенттиги билдирди.
Бул Франциянын президентинин Сирияга 2009-жылдан берки алгачкы сапары. Анда өлкөгө ошол кездеги президент Николя Саркози барган.
Макрон Сириянын убактылуу лидери Ахмед аш-Шараа менен жолугат.
Сирия лидеринин кеңсесинин маалыматына караганда, тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашат.
Reuters агенттиги жазгандай, Макронду француз ишкерлеринен жана инвесторлорунан турган делегация коштоп барды.
Алар Сирия менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоону көздөп жатышат.
Өткөн жылы Ахмед аш-Шараа Макрондун чакыруусу менен Парижге барган.
Бул анын Евробиримдикке жасаган алгачкы расмий сапары болгон.
Анда эки лидер эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө ниеттенерин билдирип, Сириянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун ырасташкан.
Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа 2025-жылдын соңунда мамлекеттин жаңы президенти катары жарыяланган. Ал "өткөөл өкмөт иштеп турган маалда" мамлекетти жетектеп турат.