7-июлда Ирандын ыйык деп саналган Кум шаарында миңдеген адам Ислам жумуриятынын төрт ай мурун өлтүрүлгөн руханий лидери, аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулду. Аза күтүү иш-чараларынын уланып жатканына төрт күн болду.
Хаменеинин сөөгү 9-июлда туулган шаары Мешхедде жерге берилердин алдында шиилер үчүн ыйык саналган жайларда бир катар иш-чаралар уюштурулат.
Мамлекеттик телеканал Кумда миңдеген киши топтолгонун көрсөттү.
Ал жердеги жаназа намазын 93 жаштагы дин аалымы Абдулла Жавади-Амоли окуду.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандар Ирандагы расмий иш-чараларда көп жаңырган «Америкага өлүм» деген ураанды кыйкырып турушту.
Бийлик бул иш-чара АКШ-Израил согушунан кийин жана бийликке каршы нааразылык акциялары күч менен басылган соң улуттук биримдиктин жана туруктуулуктун белгиси катары көрсөтүүгө аракет кылууда.
Азырынча март айында атасынын ордун ээлеп, Ирандын Жогорку лидери болгон Можтаба Хаменеи эл алдына чыга элек.
Маалыматтарга караганда, ал 28-февралда согуш башталганда атасы өлтүрүлгөн аба соккусунан жараат алган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүнүн дагы бир бөлүгү Иракта өтөт.