"Апамды зордуктагандар жазасыз жүрөт". Алайдагы окуяда жабыркаган үй-бүлө бийликке кайрылды

"Азаттыктын" коллажы. Кадырбек Жээнбаев жана анын апасы

Алайлык Кадырбек Жээнбаев үч айылдашы анын апасын зордуктап, бирок жазасыз калганын айтып, тиешелүү органдардын эшигин каккылап жүргөнүнө көп болду. Ал зордуктоодон улам энеси бир айда каза тапканын айтып, үч шектүү бат эле мунапыс менен эркиндикке чыгып кетти деп нааразы.

Маркумдун уулу шектүүлөр жазасын алсын деп эшик каккылап жүргөнүн, бирок “кылмыштын мөөнөтү өттү” деген негиз менен иш кайра каралбай жатканын айтууда.

"Үч зөөкүр кезек менен зордуктаган. Айылда мактанып, айтышкан, бөтөлкө тыккан жерлери да бар экен. Кордошкон. Катуу зордукталган экен. Бул иш аёосуз болгон. Мага айтышпай, “каны кызуу бала бир нерсе кылып жибербесин, балдары бар, камалып кетпесин” деп, жашырып коюшкан. Кийин ачыкка чыккандан кийин эжемдер толук айта баштады да", - деп сөзүн баштады адилеттик издеген Кадырбек Жээнбаев.

Анын айтымында, окуя мындан 23 жыл мурун - 2003-жылы Алай районундагы айылдардын биринде болгон. Апасы төрөт үйүнөн келе жатып, ичип отурган үч айылдашына туш келген.

"Дүкөн төрөт үйүнүн жанында болчу. Жеңем төрөрдө апам менен эжем аны төрөтканага чогуу алып барышат. Ал төрөгөндөн кийин эжемди ал жерге калтырып, апам үйгө жөнөйт. Жолдо үчөө ичип отурган болот. “Неберелүү болупсуз го, жуубайсызбы?” дешсе, апам бир шише арак алып берип коёт. Апам ак көңүл адам да. “Биз менен чогуу отурбайсызбы” деп, алдап отургузуп, “жамгыр жаап жатат, малканага кирбейлиби” деп, алып кирип кетиптир. Малканага киргенден кийин сыртка чыга алган эмес. Күч колдонушуп, зордуктап, кыйнап, ар кандай кылышкан. Апам качкан. Анда да жарым кийими бар, жарымы жок качат. Кошунабыз Сарыбай акенин үйү биздикине жакын болгон. Ошол үйгө качып барган, Сарыбай акебиздин аялы бекитип калат. Шектүүлөр аркасынан кууп барышат. Жеңебиз "келбеди" деп коюп, алар кайтып кетиптир да", - дейт ал.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алайдагы кылмыш: “Апамды зордуктаган үч киши жазасын алган жок”

Бир ай өтүп каза тапкан

Кадырбек Жээнбаевдин апасы ал учурда 53 жашта эле. Окуядан бир ай, 10 күн өткөндөн кийин ал Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан:

“Бир-эки күн жатат. Өзүн жаман сезгендиктен, бир жумадан кийин ооруканага алып барышкан. Ал жактан чыгып келип, кайра барып, операция болгон. Дарыгерлердин айтымында, сепсис болуп кетиптир да”.

Сепсис деп ички органдарга вирус түшүп, бүтүндөй организм жабыркаган абалды аташат. Тогуз баланын энеси ооруканага ушул диагноз менен оор абалда барган. Дарыгерлер аялдын өлүмүнө арткы заң чыгаруучу органынан сепсис себеп себеп кылышкан. Бул учурда маркумдун балдарынын эң улуусу 34тө, кичүүсү сегиз жашта болгон.

Окуя боюнча 2003-жылы “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, эки жолу медициналык экспертиза дайындалган. Эки экспертиза тең дарыгерлердин бүтүмүн тастыктаган. Аялдын колу-бутунда сыйрылган жарааттар жана денесинде көгала тактар бар экени аныкталган.

Учурда ошол окуя боюнча иш алып барып жаткан жактоочу Эрланбек Токтосуновдун айтымында, ал кезде шектүүлөргө жеңил берене менен иш козголуп калган. Натыйжада мунапыстын негизинде эркиндикке чыгып кетишкен.

Эрланбек Токтосунов

“Ал мезгилде Кадырбек жаш болгон. Ал эми улуу эжелеринин юридикалык билими же жактоочусу болгон эмес. Карапайым үй-бүлө болгон да. Иш ошол бойдон калып кеткен. Ал эми үч шектүү качып кетип, кийин бир-бирден кармалышкан. Тилекке каршы, сот органдары үч шектүүгө карата “Өлүмгө жеткирген зордуктоо” беренеси менен эмес, жөн гана “Зордуктоо” фактысы менен жоопко тарткан. Тагыраагы, ошол учурдагы 129-берененин 3-бөлүмү менен кылмыш ишин козгоо керек эле да. Андай болбой, ушул берененин 2-бөлүмү менен жоопко тартып, мунапыстын негизинде эркиндикке коё берген. Баарынын иши Ош облустук сотуна, анын ичинен бирөөнүкү Жогорку сотко чейин жеткен”, - дейт жактоочу Токтосунов.

“Ал беренеге мунапыс колдонулбайт болчу”

23 жыл ичинде кылмыш иши бирде өндүрүштөн токтотулуп, бирде кайра жандандырылып жүрүп отурган. Иштин материалдарында соттун чечими шектүүлөргө 8-13 жыл жаза мөөнөт бергени көрсөтүлгөн.

2004-жылы өлкөдө “Конституциянын кабыл алынганынын 10 жылдыгына” жана “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына” карата мунапыс берүү чечими чыккан.

Ошол мунапыстын негизинде, үч айыпталуучунун жазасы кыскарып, эркиндикке коё берилген. Аялдын жакындарынын айтымында, алар абакта жарым жылга жетпеген мөөнөт отурушкан.

Кадырбек Жээнбаев

“13 жылга кескенде мен катышкам, ошол жерде болчумун. Капа болуп, адам өлтүрүүдө 13 жылга кесеби деп, ишти эжеме тапшырып, ал андан ары өзү жүгүрмөй болгон. Мен бир туугандарымды үйлүү-жайлуу кылайын деп, Орусияга кеткем. Эжем үч-төрт айдан кийин чалып, “алар эркиндикке чыгып кетти” деп жатпайбы. Элестетиңиз, мен 13 жылга нааразы болуп жатсам, алар чыгарып жиберишкенин айтпайсызбы? Бул кабар кечки саат алтыларда келди. Мен муну эч кимге айта алган жокмун. Мен кечки саат 8дерде чыгып, өз өмүрүмө кол салгам. Машиненин түбүнө боюмду таштадым. Эсиме келсем түнкү саат үч экен. Буттарым сынып, сандарым айрылып кетиптир. Тилекке каршы, өлбөй калдым. Ошондо мен Кыргызстандагы бийликке, сотторго аябай катуу капа болгом”, - деп эскерет ал күндөрдү Кадырбек.

Дагы караңыз

Он үчтөгү кызды зордуктаганды кыргыз соту гана бошотот...

Жактоочу Эрланбек Токтосунов аталган берене менен шектүүлөргө мунапыс берилбеши керек эле дейт.

“Шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттери 129-берененин 3-бөлүгү менен квалификацияланганда аларды 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Же өмүр бою кесүү жазасы каралган. Ошол мезгилдеги мыйзамдын редакциясына ылайык, шектүүлөргө ушундай жаза берилмек. Эмне үчүн алар 15-20 жыл же өмүр бою жаза өтөсүн деп камалган эмес? 129-берененин 3-бөлүгү менен мунапыс колдонулбайт болчу. Менимче, бул атайын жасалган нерсе. Мунапыска таянып, иш алып барышкан да. Коррупциялык элементтер байкалат”.

“Кайра кароону сурансак, “иштин мөөнөтү өткөн” дешти”

Окуядан кийин үй-бүлө мүчөлөрү айылдан көчүп, туш тарапка тарап кетишкен. Алар канча жыл өтсө да акыйкатсыз чечим болгонун айтып, апасына кордук көргөзгөндөр өз жазасын албай калганына нааразы. Буга чейин сот органдары “иштин мөөнөтү өтүп кеткенин” негиз кылып, кайра кароодон баш тарткандан кийин окуяны коомчулукка ачык айтып берүүнү чечишкен.

Кадырбек Жээнбаев 22-июнда президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн жолугушуусуна чейин барып, бул иш боюнча жардам берүүнү суранган.

Президенттин бул облустагы өкүлү Аманкан Кенжебаев ишти көзөмөлүнө аларын убадалады.

“Бул ишти кайра көтөрөбүз, катыңызды алабыз. Райондук милиция, бул ишти карамагыңарга алгыла”, - деп жооптоду ал.

Ал эми Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Иманалиев жаңы жагдайлар ачылганына байланыштуу иш Жогорку сотто каралып жатканын айтты.

"Бул окуя 2003-жылы болгон. Шектүүлөр Орусияга качып кеткен. Биздин балдар барып, кармап келип, тергөө амалдары жүргөн. Иш сот органдарына өткөрүп берилген. Азыркы учурда жаңы жагдайлар ачылганы боюнча, Жогорку сотто процесс жүрүп жатат”, - деди ал.

Ал арада жактоочу Эрланбек Токтосунов ишти кайра кароо өтүнүчү канааттандырылбай жатканын айтууда.

“Жаңы ачылган жагдай катары медициналык экспертизанын корутундусу ошол мезгилде талдоого алынбай калганын айтып жатабыз. Соттор тийиштүү түрдө баа бербей койгон. Анткени, эксперттик комиссия корутунду берип жатат. “Аялдын өлүмүнө бирден-бир себеп зордуктоо” деп айтып жатат. Арткы заң чыгуучу жерине катуу предмет киргендиктен, геморрой болуп, айрылып кеткенин белгилөөдө. Ошондон улам сепсис болуп, тийиштүү дарылоо болбогонун айтып жатат. Кимдин кайдыгер мамилесинен ушундай адилетсиздик болгондугун такташ керек да. Тилекке каршы, учурда Ош облустук сот да, Жогорку Сот бизди колдобой жатат”, - деди Токтосунов.

Дагы караңыз

"Кызымды кыйнап өлтүргөн". Бычакталып, сабалган кыз-келиндер

“Садыр Жапаровдон беш мүнөткө кабыл алышын суранабыз”

“Азаттык” айыпталуучулардын бири менен байланышты. “А. К” аттуу жаран бул иш боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

“Бул малканада эмес, дүкөндө болгон иш. Мен үйлөнгөнүмө бир-эки ай болгон. Бир аз ичимдик ичкем. Аялым барып, мени дүкөндөн ээрчитип алып кеткен. Алар калган. Мен ошол боюнча баса бергем. “Малканага алып кирген, бөтөлкө тыккан, зордуктаган” деп, көп нерсени, жок нерсени чукуп жатат да. Ал аял геморрой болуп, аны операция кылып, бирок жүлүнүнө ириң тээп кетип каза болгон. Ошондон кийин кыйладан соң Орусияга кеткем. Орусиядан келип, “мен издөөдө экенмин, акталып чыгышым керек” деп өзүм милиция бөлүмүнө баргам. Мени кармап келишкен эмес, өзүм түз милиция бөлүмүнө киргем. Ошентип акталгам. Эжелеринин, туугандарынын тосмо арыздары бар. Жеке мага карата тосмо арызы бар”, - деди ал.

Адилеттик издеген үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү Куштарбек Жээнбаев бул шектүүнүн айтканын четке кагып, малкана дал ушул “А. К” аттуу жаранга таандык болгонун билдирди.

“Бул иштин уюштуруучусу ошол А. К болгон. Малкана ошол кишиники. Апамды ошонун малканасына алып киришкен. Эртеси ал жайлоого качып кеткен. Эки милиция кызматкери келгенде мен ошол жайлоону көрсөтүп бергем жана аны кармап кетишкен. Андан ары Орусияга качып кеткен. Эки жылдан кийин ал жактан кармалып, алып келинген”, - деди Куштарбек.

Ош облустук соту “Азаттыкка” жактоочунун ишти кайра кароо тууралуу арызы канааттандыруусуз калтырылганын тастыктады. Ал эми Кадырбек Жээнбаев баштаган үй-бүлө бул иш боюнча акыр-аягы акыйкат чечим болоруна үмүт кылып отурат.

"Апам үчүн көкүрөгүмдү бардык нерсеге тосконго даярмын. Жаш кезде алаксып жүрө берсек, эми чоңойдук, аң-сезимибиз өстү. Мурун жашырып жүрдүк, уялып жүрдүк. Бул окуядан бери 23 жыл өткөн болсо, анын он жылын таза уктадым десем болот. Таң атканча ушул ишти ойлоп жатып, кыялымда президенттин жардамчысы же ашпозу боло калам. Ошондо ушул иш чечилип кетмек беле дейм. Урматтуу Садыр Нургожоевич, бизди кабыл алып койсоңуз жакшы болот эле. Эки-үч жылдан бери сизге жолугууну максат кылып, бирок кезиге албай жүрөбүз. Адилеттикти бир Алладан, бир сизден үмүт кылып жатабыз. Бул иште 99% биздики туура. Эгер туура эмес болуп чыкса, мен үч шектүүнүн ордуна камалганга макулмун. Биздики баары туура, бирок күчүбүз жетпей жатат. Мени беш мүнөткө кабыл алып койсоңуз жакшы болот эле. Сиздин алдыңызда беш мүнөт сүйлөп алсам, ошол мага жетиштүү болмок”, - деп сөзүн жыйынтыктады Жээнбаев.