Орусиянын Мамлекеттик думасы эмгек мигранттарынын жана балдарынын өлкөдө жүрүүсүн катаалдаткан мыйзамдар пакетин кабыл алды. Түзөтүүлөргө ылайык, патент менен иштеген чет өлкөлүк жарандардын балдары 18ге толгондо өлкөдөн чыгып кетүүгө же 30 күндүн ичинде патент алууга милдеттендирилет.
Орусияда жашоого жана иштөөгө уруксаты бар мигранттардын жашы жете элек балдары өлкөдө кала алат.
Мындан тышкары мигрант өзүнө жана аны менен жүргөн ар бир баласына кирешеден белгиленген өлчөмдөгү салык төлөөгө тийиш болот.
Анын кирешеси, багып аткан үй-бүлө мүчөлөрүн эске алганда, орточо жашоо минимумунан төмөн болсо, патенти жокко чыгарылат.
Салык органдары чет элдиктердин чыгымдары тууралуу малыматты ички иштер министрлигине квартал сайын берип турат. Патенти узартылбаса, мигрант 15 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш.
Акыркы бир нече жылдан бери Орусия миграциялык мыйзамдарын улам катаалдаштырып келатат. Алсак, мигранттардын балдары орус тилден экзамен тапшырганда гана мектепке кабыл алынат.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын башынан бери ал жакта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын саны 10% азайды. Мунун себеби мигранттардын жашы жетелек балдарынын саны дээрлик 25 пайызга кыскарганы менен түшүндүрүлөт.