Орусия дизелди сыртка экспорттоого тыюу салды

Ростов-на-Дону шаарындагы май куюучу жай.

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак президент Владимир Путиндин Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен өткөргөн жыйынында дизелди чет өлкөлөргө сатууга толук тыюу салынганын жарыялады.

Анын айтымында, мындай чара күйүүчү майдын бул түрүн Орусиянын ички рыногуна жеткирүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

"Июль айында биз мунай өнүмдөрүн сырттан импорттоону да баштайбыз жана экологиялык классы төмөнүрөөк мунай өнүмдөрүнүн эсебинен өндүрүштүн кошумча көлөмүн арттырабыз. Мунай өнүмдөрүн жана кошулмаларын импорттоого нөлдүк бажы алымын дагы бир жылга узарттык. Автоунаа бензини боюнча биржалык сатуулардын ченемдери 15 пайыздан 10% чейин төмөндөтүлдү. Биржалык сооданын жүрүшүндө баалардын чектүү өсүшүнө да чектөө киргиздик", - деди Новак.

Акыркы айларда Украина Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна каршы дрон чабуулдарын күчөттү. Июнь жана июль айларында бир нече ири ишканалар соккуга кабылып, алардын айрымдарында өрт чыккан. 8-июлда Саратов, Башкырстан, Татарстан, Воронеж жана Ростов облустарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор (МӨЗ) чабуулга дуушар болду.

Бул күйүүчү май өндүрүүнүн кыскарышына, рынокто бензин менен дизелдин таңкыстыгына, май куюучу жайларда узун кезектердин пайда болушуна алып келди. Орусиядагы эң ири Омск мунайды кайра иштетүүчү заводу украин күчтөрүнүн соккусунан кийин 7-июлда ишин токтоткон.

Борбор Азияда айрыкча Кыргызстан менен Тажикстанда керектелүүчү күйүүчү-майлоочу майлардын 90 пайыздан ашыгы Орусиядан импорттолуп келген.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин, алгачкы келишимдер түзүлүп, жеткирүү башталганын 7-июлда “Азаттыкка” билдирген.

Дагы караңыз

Казакстан өз аймагынан Орусияга дрон учурулганы жөнүндө маалыматтарды төгүндөдүУкраина Patriot чыгарып, согушта жеңе алабы? Эксперттердин эки ача пикириӨкмөт АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын убактылуу жөнгө салууну токтотту