"Братиславага барганына эки жума болгон". Сууга чөккөн Казимдин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет

Маркум Казим Керимбек уулу

Словакияга барганына эки жума болгондо Казим Керимбек уулу сууга чөгүп каза болду. Учурда сөөктү Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүүдө. Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашканы борборазиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар Европа өлкөлөрүнө оой башташкан. 

“Эки-үч күндө ишке чыкмак”

Эки күн мурда Словакияда 20 жаштагы Казим Керимбек уулу сууга чөгүп каза болду. Анын Словакиянын борбору Братислава шаарына барганына эки апта гана болгон. Маркум жигиттин атасы Керимбек Тентимишовдун айтымында, уулу менен кырсыктан бир күн мурун сүйлөшкөн.

“Биз бир күн мурун, 6-июлдун кечинде сүйлөшкөнбүз. “Сыноо мөөнөтүндө жүрөбүз, эки-үч күндө иштей баштайбыз” деп жаткан. Жатаканасын көрсөтүп берген эле”, - деп эскерди атасы ошол күндү.

Словакия полициясынын маалыматына ылайык, кырсык 7-июлда Братислава шаарындагы көлмөлөрдүн биринде болгон.

“Окуя “Алтын Кум” [Zlate piesky] көлүнүн түндүк тарабында, расмий пляждын аймагынан тышкары жерде болгон. Ал жерде сууга түшүү ар кимдин өз жоопкерчилиги менен жүргүзүлөт. Маркумдун сөөгү суунун түбүнөн табылган”, - деп маалымдаган полиция.

“Жанында өзгөндүк жаш бала бар экен. “Чогуу сууга түшүп жаттык эле. Эки жолу алып чыкканга аракет кылдым. Бирок өзүм да ажал менен кармашып, араң чыктым. Сууга чөгүп кете жаздадым” деди. “Кайра кирип, аны алып чыккыча 20-30 мүнөт болуп кетти. Жетишпей калдык” деп айтты”, - деди кайгыга баткан ата.

Словакиядагы “Мурас” кыргыз диаспорасынын башчысы Алтынбек Курманалиев кырсык өтө чоң эмес, чакан көлмөдө болгонун айтып берди.

“Whatsapp группадан “кыргыз бала сууга чөктү” деген маалымат келди. Кечки саат алты болчу. Башында так ким экенин билген жокпуз. Көрсө жаңы келген балдар экен. Бизде кеч болуп, Кыргызстанда түн кирип кетти. Сураштырып отуруп, аты-жөнүн тактадык. Эртеси таң атканда ата-энесине угуздук. Кырсык катталган жер эс алуучу жай болчу. Борбор шаар Братиславада жайгашкан. Өтө чоң эмес көлмө болчу. Ал жер алар жашаган жайга жакын жайгашкан. Башкалар да эс алып, сууга түшчү. Кырсык кандайча болуп кеткени бизге да түшүнүксүз болуп жатат. ”, - деди Курманалиев.

Казим

“Сурана бергенинен чет өлкөгө жибердим эле”

Маркум Казим Керимбек уулу 2006-жылы 9-мартта Нарындын Кочкор районунда төрөлгөн. Алты баланын экинчиси болчу. 9-классты бүтүп, кесиптик лицейде ашпоздукка окуган. Словакиядагы автозаводго автокардын айдоочусу болуп иштегени барган.

Маркумдун атасы Керимбек Тентимишов эки жыл мурда чет өлкөгө жибербей, бул ирет сурана бергенинен макул деп койгон элем дейт.

“Чет өлкөгө чыгып, иштеп келейин деп сурана берди. Эки жыл мурун макулдук бербей койгом. Быйыл жаздан бери кайра сурана баштады. Көңүлүн кыя албай койдум. Эл барып жатат, балам да барса барсын деп, уруксат берип койгом да. Бир жылга гана барып, кайра келем деген эле. Манты түйөт эле. Бизнес кылып, аракеттенип жүрчү. Бизде шаркырап аккан чакан гана сайлар бар да. Ошолорго түшүп, киринип калчу. Уулум өзгөчө тартиптүү эле. Ушул баламдан көптү үмүт этет элем. Бүгүн нотариустан “баарына макулбуз” деген ишеним кат жазып бердик. Сөөктү алып келүүгө керек дегенинен келинчегим экөөбүз барып, ушул документти бүтүрдүк”.

Учурда сөөктү алып келүүгө даярдык иштери жүрүүдө. Атасынын айтымында, бул жараянга уулун ишке жиберген компания көмөктөшүп жатат.

“Словакияга оогон кыргызстандык мигранттар көбөйдү”

Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашканы мигранттар жаңы өлкөлөргө багыт алууда. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Словакия, Сербия, Словения, Венгрияга баргандар арбын.

“Мурас” кыргыз диаспорасынын башчысы Алтынбек Курманалиев соңку жылдары Словакияга кыргызстандыктар көбүрөөк келе баштаганын айтты.

“Башында бул жакта кыргыз мекендештер аз болчу. Акыркы бир жыл ичинде эки эсе көбөйдү. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 2000-2500 чукулдап калды. Бул өлкөдө чоң автозавод бар. Ошондой эле логистика жакшы өнүккөн. Көпчүлүгү автозаводдо, анан логистикалык борборлордун кампаларында иштешет".

Словакияда эки жыл мурда кыргыз диаспорасы иштей баштаган. Бул өлкөдө Кыргызстандын расмий элчилиги жок. Венадагы элчилик Чехия жана Словакиядагы кыргызстандыктар менен иш алып барат.