Орусиянын аскерлери 10-июлга караган түнү Украинанын аймагына 137 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 08:00гө карата өлкөнүн түндүк, түштүк жана чыгыш аймактарында абадан коргонуу күчтөрү тарабынан душмандын "Шахед", "Гербера", "Италмас" жана башка типтеги 114 дрону атып түшүрүлдү же зыянсыздандырылды", - деп жазылган маалыматта.
Аскер кызматкерлеринин айтымында, 18 дрон 16 жерде бутага тийген, төрт жерде сыныктары чачыраган.
Аба күчтөрү чабуул уланып жатканын жана өлкөнүн аба мейкиндигинде бир нече орус дрондору бар экенин эскертти.
Орусиянын армиясы Украинанын шаарларын жана жарандык инфраструктураларын дрон, ракета, аралыктан башкарылуучу авиабомбалар жана реактивдүү системалар баштаган курал-жарактар менен тынымсыз аткылап келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусия Федерациясынын аскердик кылмышы катары баалашат.
Калкты электр энергиясы, жылуулук, суу, байланыш, медициналык жардам өңдүү жашоого зарыл шарттардан ажыратуу максатында тиричиликке керектүү тутумдарды жана ооруканаларды аткылоо геноциддик аракеттердин белгиси болуп саналат.
Орусиянын жетекчилиги ири масштабдуу согуш учурунда армиясы Украинанын жарандык инфраструктурасына атайылап сокку уруп, жарандарды өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объекттерин талкалап жатканын четке кагып келет.