Ошто дыйканга кол көтөргөн соодагерлердин калган үчөө да үй камагына чыгарылды

Ош шаарындагы базарлардын биринде катталган мушташтын видеосунан алынган скриншот.

Ошто дыйканга кол көтөргөн соң кармалып, убактылуу жайга камалган төрт соодагердин үчөө да үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

"Сот шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасын тандоодо алардын мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгын, карамагында жашы жете элек балдарын жана жабырлануучу тарап менен жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөнүн эске алган", – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлердин ортосунда жаңжал чыгып, бир жаранга карата күч колдонулганы тартылган видео тараган. Анда соодагерлер базарга кулпунай сатканы келген дыйканды уруп-сабап, сүрүп чыгарып, жемишин ыргыта тепкени тартылган.

Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген 1990-жылы туулган Ө. кызы О., 1988-жылы туулган Д.М. жана Я.Б, ошондой эле М.С. кармалып, кылмышка шектүү катары айып угузулду.

Шектүү катары кармалган Д.М., Я.Б., М.С. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле. Ал эми Ө. кызы О. жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, үй камагына бошотулган.

4-июлда катталган окуянын видеосу 5-июлда жарыяланган. Бул коомчулукта резонанс жараткан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирүү баштаган жана Ош шаардык мэриясы аталган базарды убактылуу жапкан.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев токмоктолгон дыйканды кабыл алып, ага калаадагы жаңы курулган базардан соода жайын пайдаланууга берди. (ErN)

Дагы караңыз

Сот Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевди тил кат менен камактан бошоттуЖарандык авиация агенттиги бардык авиакомпаниялардын учактарын текшере баштадыОш: балдарына ВИЧ жуккан энелер ар кандай беткап кийип акцияга чыгышты