Сот Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевди тил кат менен камактан бошотту

Дамир Мусакеев. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевди тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүнүн негизинде башка жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотту. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлаган.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен Темирлан Султанбековго, президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Калгандары камакта. (ErN)

Дагы караңыз

Жарандык авиация агенттиги бардык авиакомпаниялардын учактарын текшере баштадыОшто дыйканга кол көтөргөн соодагерлердин калган үчөө да үй камагына чыгарылдыОш: балдарына ВИЧ жуккан энелер ар кандай беткап кийип акцияга чыгышты