Украина: Орусиянын чабуулунан Кривой Рог, Херсондун тургундары каза тапты

Украина. 11-июлдун түнү Киев аймагына Орусиянын соккуларынын кесепети тартылган сүрөт. 2026-жыл

Орусиянын дрондору 12-июлда Кривой Рогдогу өнөр жай ишканасына дрондор менен сокку урду.

Эки киши каза тапканын шаардын Коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул билдирди. Анын маалыматына караганда, аталган ишканадан тышкары калаанын инфраструктурасына зыян келтирилди.

Дрон соккусуна Днепропетров облусунун Никопол району да кабылды, ал жакта 66 жаштагы тургун каза тапканын жергиликтүү бийлик билдирди. Административдик имараттар, жер тамдар, чарбалык курулуштар жана жүк ташуучу автоунаа зыянга учураган. Днепр шаарында тамак-аш өнөр жай ишканасы чабуулга кабылган.


Херсон шаарынын Корабельный районунда соккулардан бир киши каза таап, үчөө жараат алганын калаанын администрация башчысы Ярослав Шанько маалымдады.

Эртең менен орусиялык аскерлер эки жолу Херсондо коомдук транспортту аткылады, дрондор маршруттук такси менен аялдаманы бутага алган. Кеминде беш киши жараат алган.

Харьковдо эки киши, анын ичинде 16 жаштагы кыз жараат алганын облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов маалымдады.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Шевченков районунда 20дан ашуун турак жайга зыян келтирилип, Киев районунда гараж кооперативи өрттөнүп кеткенин кабарлады.

Украин тараптын билдирүүсүндө, 12-июлга оогон түнү Орусиянын армиясы 13 ракета, ар кандай түрдөгү 115 учуучу аппарат менен чабуул койгон. Бул түнү орус тарап баллистикалык ракета колдонгон жок. Башкарылуучу эки авиациялык ракета тийген эки учур катталды. 12 жерге 19 дрон тийгенин Украинанын Куралдуу күчтөрү жарыялады.

Дагы караңыз

Украиналык дрондор Орусиянын Сызрандагы мунай заводуна чабуул койду "Аркайык - көчмөндөрдүн арфасы". Көлдөн табылган байыркы аспап