АКШ менен Иран бири-бирине кайрадан сокку урду

2026-жылдын 11-июлунда жарыяланган видеодон алынган сүрөттө АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга каршы ушул аптадагы үчүнчү соккулары учурунда атылган снаряд көрсөтүлгөн.

АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер Ирандын абадан коргонуу системасына, радиолокациялык постторго, ракета жана дрон комплекстерине, Ормуз кысыгындагы чакан кемелеине сокку урулганын жарыялады.

"Ормуз кысыгы дүйнөлүк соода үчүн өтө маанилүү деңиз коридору болуп саналат. Иран аны көзөмөлдөй албайт", – деп айтылат CENTCOM тараткан маалыматта.

Axios басылмасынын журналисти Барак Равид CENTCOMдун өкүлү Том Хокинске таянуу менен Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун күчтөрү Ормузда коммерциялык кемелерди аткылаганын X тармагына жазды.

Сакчылар корпусу болсо Бахрейндеги америкалык базага чабуул койгонун, мындан тышкары АКШнын Кувейттеги базаларындагы HIMARS жана Patriot ракеталык түзүлүштөрүн, радиолокациялык станция, ракеталар кампасын, күйүүчү май сакталган резервуарларды аткылаганын жарыялады.

Жергиликтүү медиа билдиргендей, Ирандын өзүндө Маркази, Хормозган, Хузестан провинцияларында, Кешм жана Чабахар шаарларында жарылуулардын добушу угулду. Хузестандын бийлиги маалымдагандай, Махшехрде соккудан бир киши өлдү, төртөө ар кандай жараат алды.

11-июлдун кечинде Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгы "АКШнын бул аймактагы кийлигишүүсү аяктаганга чейин" жабыларын расмий жар салган. Иран кемелер Ормуз аркылуу Тегеран менен макулдашылган багыт боюнча, башкача айтканда кысыктын түндүк бөлүгү аркылуу өтүшү керек деп талап кылууда. Буга АКШ жана башка өлкөлөр каршы.

Сакчылар корпусунун мындай билдирүүсүнүн алдында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Оманда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анда Ормуз кысыгына байланышкан маселе да ортого салынган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү болгон эмес.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын дипломатиялык булактары билдиргендей, Ирандын өкүлдөрү анда Омандын кысык аркылуу кеме кыймылы тууралуу сунуштары боюнча өз ара позиция иштелип чыккандан кийин талкууга кайтып келерин билдирип, сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен.

Дагы караңыз

Одессада транспорт ишканасына Орусиянын соккусунда үч киши жараат алды Иран Ормузду жапканын билдирди, АКШ кайра сокку урду