АКШ 12-июлга караган түнү Ирандагы объектилерге кайрадан сокку урду. Бул ушул жумадагы үчүнчү чабуул.
Сокку Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) ишемби күнү кечинде стратегиялык мааниси чоң Ормуз кысыгын жапканын жарыялап, Кипр желеги астында сүзүп бараткан контейнер ташуучу кемени аткылагандан кийин урулду.
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан Galaxy кемесине чабуулдун натыйжасында экипаждын бир мүчөсү дайынсыз жоголгонун билдирди. Кемеде өрт чыгып, анын машина бөлүмү олуттуу зыян тарткан. Маалыматта Иранга урулган соккулардын максаты "Ирандын кысык аркылуу өтүп жаткан жарандык моряктар менен соода кемелерине каалаганда чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүн азайтуу" экени айтылган.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет да бул операция боюнча пикирин билдирип: "Иран туура эмес жолду тандады. Эми кесепетин тартып жатат", - деп жазды.
Жогорку кызматтагы америкалык аткаминер журналисттерге билдиргендей, АКШ күчтөрү Ирандын аба мейкиндигин көзөмөлдөөчү радарларына, деңиз көзөмөл системаларына, ракета жана дрон кампаларына, ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарды учуруу аянттарына сокку урган. Мунун максаты Тегерандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратуу катары түшүндүрдү.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары соккулардан кийин өлкөнүн түштүгүндө жардыруулар болгонун кабарлашты. Өз кезегинде Иран да аймактагы АКШ менен байланышы бар объектилерге сокку урганы кабарланды. Жардыруулар тууралуу Иордания менен Омандан маалымат түшкөн. Ал эми Катарда сынык, калдыктардын кулашынан үч киши жаракат алган.
Мунун алдында айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Иран Ормуз кысыгындагы кемелерге карата мурдагы окуяларды бейрасмий түрдө «жаңылыштык» деп атаганын жазышкан. Бирок ишемби күнү кечинде сакчылар корпусу Ормуз кысыгы белгисиз мөөнөткө жабылганын расмий түрдө жарыялады.
Шерине