Франция Украинага кыргын салуучу учактарды жана курал-жарак чыгарууга лицензия берет

Фридрих Мерц, Владимир Зеленский, Эммануэл Макрон жана Кир Стармер "Тилектештер коалициясынын" саммитинен кийинки маалымат жыйынында. Париж, 13-июль, 2026-жыл.

Украина Франциянын Rafale ("Рафаль") кыргын салуучу учагынан 16ны алуу үчүн буюртма берди, алар өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн колуна 2028–2029-жылдары тийиши керек.

Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинанын президенти Владимир Зеленский, Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

2025-жылдын ноябрында кол коюлган келишимге ылайык, Украина Rafale кыргын салуучу учагынан жүздү сатып алышы керек.

Муну менен катар Украинага өз аймагында бир катар куралдарды чыгарууга лицензия берилет. Алар: SAMP/T абадан коргонуу системаларына керектүү Aster-30 алыскы аралыкка учуучу зениттик ракеталары; SCALP-EG (британдык Storm Shadow ракетасынын көчүрмөсү) алыскы аралыкка учуучу авиациялык канаттуу ракеталары; катардагы авиабомбаларды алыстан башкарылуучу куралга айланткан AASM жогорку тактыктагы багыттоочу комплектиси.

Буга чейин Парижде өткөн "Тилектештер коалициясынын" жолугушуусунда Владимир Зеленский "Фремя" деп аталган баллистикага каршы системаны жана украиналык адистер ага ылайыктап иштеп чыккан ракеталарды тааныштырган. Зеленскийдин президентинин айтымында, алар 2026-жылдын соңуна чейин колдонулушу мүмкүн.

Франциянын президенти Киевдин өнөктөштөрү Украинадп коңшу мамлекеттерде аскердик машыгууларды баштоону макулдашканын кошумчалады. Бул машыгуулар Орусия менен ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгенден кийин жайгаштырылышы мүмкүн болгон көп улуттуу күчтөрдү даярдоо алкагында өтөт.

Өз кезегинде Британиянын премьер-министри Кир Стармер Лондон Украинага аскердик жардам көрсөтүү боюнча 90 миллиард евролук европалык насыялоо программасына кошулганын жарыялады. Бул чечим британдык коргонуу ишканаларына Киевди колдоо программасынын алкагында каржылануучу келишимдерге катышууга жол ачат.

Макрон европалык өлкөлөрдү улуттук коргонуу долбоорлорунан баш тартып, курал-жарактарды биргелешип чыгарууга чакырды. Франциянын президенти Бастилияны алуу күнүнүн алдында сүйлөп жатып, аскердик программалардын бири-бирин кайталоосу Европанын коргонуу өнөр жайын алсыратарын белгиледи.

Анын айтымында, Европада учкучсуз учактарды, абадан коргонуу системаларын, ракеталарды жана ок-дарыларды чыгарууну тездетүү зарыл, анткени азыркы өндүрүш темпи өсүп жаткан суроо-талапка жооп бербей жатат.

Дагы караңыз

Жапырт кармалгандардын иши: Султанбеков ачык кароону талап кылды, Атамбаев кыйноого кабылганын айттыЖАМК Алга Кылычовдун айып изоляторуна киргизилген себебин айтты"Тамчы" инвестициялык долбоору: жаңы мүмкүнчүлүкпү же чоң жоопкерчиликпи?