14-июлда “Социал-демократтар” партиясынын лидери, камакта жаткан Темирлан Султанбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум башталар алдында журналисттерге учкай комментарий берип, соттук ишти ачык кароону талап кылды.
“Биздин ишибизди 62 тергөөчү сегиз ай тергеди. Ташиевдердин ишин эки ай тергеп, соттук иши бир айда бүттү. Биздикин сегиз ай тергеп жатышат. 62 тергөөчү тергеген бул кандай иш? Эми келип, сотто биздин күнөөбүздү ачык далилдеп беришсин. Биз эч нерседен качпайбыз, ачык өткөрүшсүн. Жабык өткөрүп жатышканына бир эле себеп бар – эч кандай далил жок”, – деди ал.
Башка бир айыпталуучу Кадырбек Атамбаев тергөө изоляторунда өзүнө карата коркутуулар, кыйноолор жана мыйзамсыз аракеттер болгонун журналисттерге учкай айтканга үлгүрдү.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, учурда камакта отурган Кадырбек Атамбаев бул жөнүндө 4-июлда ачык кайрылуу жасаган. Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 6-июлда билдирүү таратып, бул айыптоолорду төгүндөгөн.
14-июлда уланган соттук иш жактоочулардын бири келбей калганына байланыштуу үзгүлтүккө учурап, 28-июлга жылдырылды.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.
Кармалгандардын ичинен Темирлан Султанбековго, президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган, Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевди башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулду. Айыпталуучулардын калгандары камакта. (ErN)
Шерине