Би-Би-Синин орус кызматы менен «Медиазонанын» журналисттери жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнү аныкталды.
Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, жалпысынан дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнөн келген 1 285 чет өлкөлүктүн тек-жайы аныкталган.
Алардын арасында Казакстандын 339, Өзбекстандын 229, Тажикстандын 199 жана Кыргызстандын 89 жараны бар.
Ошондой эле Азербайжан, Куба, Непал, Индия, Шри-Ланка, Йемен жана башка мамлекеттердин жарандары да катталган.
Мындан тышкары, Би-Би-Синин маалыматына ылайык, Украинадагы согушта Орусиянын 2 304 Түндүк Кореянын жаранынын тек-жайы аныкталган.
Бул маалымат спутниктен тартылган сүрөттөрдүн жана Пхеньяндагы жаңы аскердик мемориалдын сүрөттөрдүн талдоонун негизинде алынган.
Журналисттердин айтымында, набыт болгон борбор азиялыктардын көбү Орусиянын түрмөлөрүнөн фронтко жөнөтүлгөн.
Би-Би-Си менен «Медиазона» азыркыга чейин ачык булактарга таянып Украинадагы согушта каза болгон 233 033 орус аскеринин аты-жөнүн аныктаганын билдирет.
НАТОнун маалыматына ылайык, учурда Орусиянын армиясынын катарында 44 өлкөдөн болжол менен 24 миң чет өлкөлүк согушуп жаткан болушу мүмкүн.
"Азаттык" 2025-жылы Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар.
Соңку бир жылдан ашык убакыт ичинде Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да өз жарандарын Украинадагы согушка жалданма жоокер катары катышпоого чакырып, мындай аракет үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертип келишет.
Шерине