Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Лукашенко өзбекстандыктарды үй-бүлөсү менен Беларуска көчүп келүүгө чакырды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Беларустун лидери Александр Лукашенко.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Беларустун лидери Александр Лукашенко.

Беларустун лидери Александр Лукашенко Өзбекстандын эмгек мигранттарын үй-бүлөсү менен кошо Беларуска көчүп келип иштөөгө чакырды.

Ал бул тууралуу 8–9-июлда Минск шаарында расмий сапар менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда айтты.

«Өзбекстанда суу тартыш. Жер дагы көбүрөөк болсо жакшы болмок. Ал эми Беларусда мунун баары бар. Бизде болсо жумушчу күчү жетишпейт. Өзгөчө өзбекстандыктар үй-бүлөсү менен келип, ушул жерге отурукташса, медициналык жардам алып, балдарын окутуп, жашап-иштесе деп кыялданабыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Беларустун жери бош калбашы керек», – деди Лукашенко.

Беларуста жумушчу күчү тартыш. Буга калктын картайып жатканы жана адистердин өлкөдөн чыгып кетиши себеп болуп жатканы айтылууда.

Айрыкча 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки жапырт нааразылык акцияларынан соң жүз миңдеген адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Расмий маалымат боюнча, азыр Беларустагы ишканаларда 160 миңден ашуун адис жетишпейт.

Мирзиёевдин эки күндүк сапарынын алкагында Беларус менен Өзбекстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жөнүндө декларацияга кол коюлду.

Эки өлкө 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү эки эсеге көбөйтүп, 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда. 2025-жылы бул көрсөткүч дээрлик 1 миллиард долларга жеткен.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан атомдук электр станциясын курууда, анын ичинде адистерди даярдоо жаатында, Беларустун тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирди.

Буга чейин Ташкент Москва менен биргеликте Өзбекстандагы алгачкы атомдук электр станциясынын биринчи энергоблогунун курулушун баштаган.

Ташкенттин негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп Москва кала берүүдө.

Орусияда эмгек мигранттарына карата эрежелер катаалдашып, 2024-жылы Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик борборундагы теракттан кийин ксенофобиялык маанай күчөгөнүнө карабастан, бул өлкө Өзбекстандан чыккан эмгек мигранттары үчүн негизги багыт бойдон калууда.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG