Тажик министрлиги чет өлкөдөн канча жаранынын сөөгү келгенин айтуудан баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги Орусия жана башка өлкөлөрдөн канча тажик жаранынын сөөгү келгенин ачык айтуудан баш тартты.

Аталган министрликтен 13-июлда журналисттер жыл башынан бери чет өлкөдөн канча "Жүк-200" келгенин сурашкан.

Мекеменин өкүлдөрү бул маселени күч органдары карай турганын билдирип, суроого жооп берүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу "Озоди" радиосу билдирди.

Буга чейин каза болгон тажик жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу статистикасын Эмгек министрлигинин курамына кирген миграция кызматы жарыялап келген.

Өткөн аптада Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин төрагасы Хабибулло Назарзода ушул жылы чет өлкөдөн учактар менен канча табыт келгени тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал 8-июлда берилген суроону дагы жоопсуз калтырган.

2025-жылы бир гана Дүйшөмбү жана Куляб аэропорттору аркылуу Орусиядан тажик жарандарынын сөөгү салынган 1623 табыт келген.

Тажикстандын мамлекеттик органдары Орусиянын Украинага каршы согушу башталганга чейин "Жүк-200гө" байланыштуу бардык статистикалык маалыматтарды ачык жарыялап келген.

Төрт жарым жылга созулган согуштун ичинде Украинадагы согушта Орусия тарапта согушуп жатып каза болгон ондогон тажик жарандарынын сөөгү мекенине кайтарылганы тууралуу кабарлар чыккан.

Расмий Дүйшөмбү өз жарандарынын согушка катышканы тууралуу теманы өтө сейрек козгойт. Башкы прокуратура буга чейин өлкөдө тажикстандыктардын Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу фактысы боюнча бир дагы кылмыш иши козголо электигин билдирген.

Дагы караңыз

Жалал-Абад: Эки район, эки шаарда сел жүрдүЭкс-депутат Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү сентябрга чейин узартылдыЖАМК Алга Кылычовдун айып изоляторуна киргизилген себебин айтты