Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Жалал-Абад: Эки район, эки шаарда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы селдин видеосунан алынган скриншот.
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы селдин видеосунан алынган скриншот.

13-июлда түштөн кийин жана кечинде нөшөрдөн улам Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Ала-Бука райондорунда, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларында сел жүрдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аймактык башкармалыгы кабарлады.

Ноокенде 417 турак үйдүн короосун суу каптады, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине кирди. Төрт коомдук тамактануучу жай (кафе), бир мечит, беш унаа оңдоочу жай, эки унаа жуучу жай жана бир бала бакчанын короосу сел сууларынан жабыркады.

Кочкор-Ата шаарында 25 турак үйдүн короосун, бир бала бакчанын жана үч коомдук тамактануучу жайдын (кафенин) короосун суу каптаганы аныкталды.

Майлуу-Суу шаарында болсо бир катар ички көчөлөрдө сел кырсыгы катталды.

Ала-Бука районундагы Айры-Там айыл аймагынын Совет-Сай айылындагы Ак-Ата сел сайында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү бийликтердин кызматкерлери жеринде куткаруу жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Интернетте тараган видеолордо Жалал-Абад облусунун аймагында катталган селде койлор агып баратканы тартылган. Тасмада бул окуя Кочкор-Ата шаарында экени айтылган.

12-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрдүн кесепетинен сел катталып, бир унааны агызып кеткен. Унаадагы адам аман-эсен куткарылды.

ӨКМ мурдараак маалымдагандай, өлкөдө жыл башынан бери кеминде 283 сел кырсыгы катталды. Андан берки селдер буга кошулуп санала элек. (ErN)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG