Өкмөт мунайды, күйүүчү майды Кыргызстандан сыртка чыгарууга тыюу салды

Бишкектеги май куюучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев мунайды жана мунай заттарын (күйүүчү-майлоочу майды) Кыргызстандан сыртка ташып чыгарууга тыюу салган токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Бул мунай жана мунай продуктуларынын ички базарынын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту коргоо, мунай өндүрүмдөрүнүн тартыштыгынын келип чыгышына жол бербөө, ички керектөөлөрдү үзгүлтүксүз жабдуу максатын көздөйт.

Буга чейин мунай менен күйүүчү-майлоочу майды Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы өлкөлөргө чыгарууга тыюу салынган болчу, жаңы өзгөртүүлөрдө бардык өлкөлөргө ташуу чектелди. Чектөөнүн мөөнөтү белгиленген эмес.

Украинага кол салган Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна акыркы айларда украин дрондорунун чабуулдары күчөп, ири ишканалар өрттөндү. Июнда да, июлда да бир нече завод аткылоого кабылды. Буга байланыштуу базарда күйүүчү-майлоочу май өндүрүү кыскарып, бензин жана дизел тартыштыгы жаралган. Айдоочулар май куюучу жайларда узун кезекке туруп калды.

Күйүүчү-майлоочу майды негизинен Орусиядан ташып келген Кыргызстандын өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, дизелдин баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланары маалымдалган.

Энергетика министрлиги июнь айынын башында күйүүчү-майлоочу май алуу боюнча Орусиянын, Беларустун, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдарына суроо-талаптарды жөнөтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук бергенин, алгачкы келишимдер түзүлүп, жеткирүү башталганын 7-июлда “Азаттыкка” билдирген. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча Казакстан менен Өзбекстанга кайрылуусуна жооп алганы, Ташкент оң жооп бергенин 8-июлда журналисттерге айткан.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (ErN)