ЖОЖго кабыл алууну жүргүзүп жаткан сайт үзгүлтүккө учурап, кайрадан иштеди

Кабыл алуу жүргүзүлүп жаткан “Абитуриент онлайн” платформасынын (2020.edu.gov.kg сайты) сайты.

Жогорку окуу жайларга кабыл алууну жүргүзүп жаткан “Абитуриент онлайн” сайты үзгүлтүккө учурап, кайрадан иштеди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.

“Автоматташтырылган маалыматтык системанын расмий сайтынын иши толук калыбына келтирилип, учурда колдонуучулар үчүн жеткиликтүү экенин маалымдайт. Буга байланыштуу абитуриенттер документтерин кадимки тартипте тапшырууну уланта алышат”, – деп кабарлады министрлик.

Техникалык мүчүлүштүк кечээ саат 15:00дөн тарта катталган. Буга платформа жайгашкан Маалыматтарды иштетүү борборун (ЦОД) электр энергиясы менен камсыз кылган эки көз карандысыз трансформатордук көмөк чордондун электр менен камсыздоосу бир убакта үзгүлтүккө учураганы себеп болгон.

2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи айлампасы 13-июлда башталган.

Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу “Абитуриент онлайн” платформасы (2020.edu.gov.kg сайты) аркылуу онлайн форматта жүргүзүлүүдө. Мектеп бүтүрүүчүлөрү тиешелүү окуу жайды тандап, тестинин жыйынтыгын жөнөтөт, ким кабыл алынып, ким өткөнү онлайн көрүнүп турат.

Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.

Расмий маалыматка караганда, быйыл 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады. 9-классты аяктап жаткандар 136 миңдин тегерегинде болду. (ErN)

Дагы караңыз

Одессада Орусиянын ракета чабуулунан үч өмүр кыйылдыФутбол: Испания дүйнө чемпионатынын финалына чыктыРепрессия: үч мерте жазаланган Жанузактын уулдары