Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз системаларынын командачысы Роберт Бровди ("Мадяр") 15-июлга караган түнү Кара деңизде Орусияга таандык 20 кеме, анын ичинде 17 танкер талкаланганын билдирди.
"Азов деңизиндеги көмүскө флоттун 116 кемеси – деңиз салгылашуусунун биринчи раунду аяктады. Эми Кара деңиз. Бүгүнкү күнгө 20:0, анын ичинен 17 мунай ташыгыч, экөө газ ташыгыч, бири буксир талкаланды. Расмий отчет кийинчерээк болот", - деп жазды ал.
Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.
Орусия Бровдинин билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.
Азов деңизинде операция 6-июлдан 14-июлга чейин уланды. Бровдинин айтымында, бул тогуз күндүн ичинде Украина Орусиянын 116 кемесин зыянга учураткан. Украинанын чабуулдарынан улам Орусия Азов-Дон деңиз каналы аркылуу жүк ташууну токтотту, ал эми Ростов облусунун бийлиги дан эгиндеринин жаңы түшүмүн сатуунун альтернативдүү жолдорун издей баштады.
Бровди чакан жана орто көлөмдөгү танкерлерди (жана аларды сүйрөп бараткан буксирлерди) жок кылуу, Орусиянын "көмүскө флотунун" бир бөлүгү катары, Волга-Дон каналы жана Азов деңизи аркылуу порттордон мунай экспорттоо мүмкүнчүлүгүн токтоторун билдирди.