Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Украинада Орусиянын соккусунан бир нече киши жараат алды

Украина. Орусиянын соккусуна кабылган аймак.
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган аймак.

15-июлга караган түнү орус аскерлери Украинанын Сумы облусундагы конуштардын бирине кассеталык ок-дары менен сокку урганын жергиликтүү администрациянын башчысы Сергей Кривошеенко билдирди.

Анын айтымында, чабуулдан жалпы жети киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында катуу стресске кабылган 11 жаштагы бала да бар. Шаршемби күнү дарыгерлер жараат алгандардын экөө — 30 жаштагы эркек жана 59 жаштагы аял оор абалда экенин маалымдашты.

«Көчөлөрдө жарылбай калган ок-дарылар калып калышы ыктымал, этият болуңуздар», — деп эскертти Кривошеенко.

Украинанын Харьков облусуна караштуу Изюм районунда 15-июлда Орусиянын чабуулунан сокку урулган жерлерде өрт тутанып, адамдар жараат алганын жергиликтүү мамлекеттик администрация билдирди. Маалыматка караганда, Орусиянын Куралдуу күчтөрү чабуулду башкарылуучу авиациялык бомбалар жана Shahed дрондору менен жасаган. Райондук администрациянын Telegram каналындагы кабарларга ылайык, жабыркагандар боюнча маалыматты тактоо иштери уланууда.

"Жарандык объектилер талкаланды, коммуналдык ишканалардын мүлкү, айыл чарба техникасы жана жеке үйлөр жабыркады", — деп айтылат жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө.

Ал эми 5-июлда Харьков облусунун Изюм шаарында Орусиянын соккусунан бир киши набыт болуп, кеминде үч киши жараат алган. Анда май куюучу бекет талкаланып, беш автоунаа жарактан чыккан.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG