Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов алты жылга кесилди

Мунарбек Сайпидинов. Архив.
Мунарбек Сайпидинов. Архив.

Кара-Суу райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду коюлган беренелердин бир бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Соттун пресс-релизинде айтылгандай, Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 30-беренесинин (Кылмышка шериктеш болуу) жана 304-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) бир нече пункттары боюнча айыптуу деп табылган. Ушул эле беренелердин башка пункттары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза белгиленген жок.

Сайпидиновго камак мөөнөтүнөн сырткары мүлкүн конфискациялоо чечими чыкты. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөйт.

Мунарбек Сайпидиновдун иши былтыр октябрда тергелип бүтүп, быйыл март айында каралып баштаган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Мунарбек Сайпидинов, Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери 2014-жылдан бери жеке тараптар менен биргеликте мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Мунарбек Сайпидиновго сыртынан айыбы угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Ал Орусиядан кармалып, 2025-жылы 7-августта Кыргызстанга алынып келген. Ошондон бери Ош шаарындагы №5 тергөө абагында камакта жаткан.

Былтыр 6-августта социалдык тармактардагы баракчасына ал видео кайрылуу жарыялап, Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында “Райымбек Матраимов турарын” айткан. Ошондой эле “Айэркен Саймаитинин жана журналист Улан Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу айрым фактыларды” билерин жарыялаган.

Райымбек Матраимов жана анын адвокаттары менен жакындары бул дооматтар боюнча үн ката элек.

Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга байланыштуу сот жообуна тартылган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

2021-жылдын 11-январында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалган. Ош шаардык соту эки күндөн кийин 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып үй камагына чыгарган, шектүү сот залынан бошотулган. Кийин Ош шаардык соту жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Мунарбек Сайпидиновго козголгон кылмыш ишин кыскартканы маалым болгон. (ErN)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG