Өзбекстанда "криминалдык чөйрөнүн анабашы" аталган Равшан Мухитдинов Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн адамдардын тизмесинен чыгарылганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги тастыктады.
14-июлда Ташкент шаардык милиция башчысынын орун басары Дилмурод Мирсадиков билдиргендей, Мухитдиновго карата кылмыш иши 2021-жылы козголуп, издөө жарыяланган. Кийинчерээк, анын айтымында, жоопко тартуу жана процессуалдык мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу иштин ага тиешелүү бөлүгү токтотулган.
Мухитдинов өзү Facebook социалдык тармагындагы билдирүүсүндө «19 жылдык сүргүндөн кийин» бардык айыптар алынганын жана ага «тарыхый мекенине кайтууга жол ачылганын» жазды.
Өзбекстандын укук коргоо органдары 37 жаштагы Равшан Мухитдиновду Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө бергени быйыл апрель айында белгилүү болгон. Интерполдун ачык базасында ал Түркияда жүргөнү жана Дүйнөлүк майыптар фондунун каржы маселелери боюнча вице-президенти кызматын ээлегени көрсөтүлгөн.
Ага уюшкан куралдуу топ түзүү же анын ишине катышуу, мүлктү атайылап жок кылуу жана бейбаштык боюнча айыптар коюлган.
"Азаттыктын" өзбек кызматы Мухитдинов 2013-жылы уюшкан «Братский круг» кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн бири экенин жазган. АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул топко КМШ өлкөлөрүндөгү бир нече кылмыштуу топтун лидерлери кирет жана алар Европа, Жакынкы Чыгыш, Африка, Түштүк Америка аймактарында алектенет.
Равшан Мухитдиновдун таякеси Гафур Рахимов 2012-жылдан бери АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесинде «Братский круг» кылмыштуу уюмунун мүчөсү катары каттоодо турат. 2018-жылдын июль айында Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Рахимовду издөөдө жүргөн адамдардын тизмесинен чыгарган. Ошондон кийин ал өлкөгө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алган.