АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгынын айланасында жана Ирандын жээк аймактарында жайгашкан аскердик объектилерге каршы кезектеги түнкү соккуларын аяктаганын билдирди. Ошол эле учурда АКШ Иран портторуна багыт алган же алардан чыккан кемелерге деңиз блокадасын кайрадан киргизди. Ал эми Тегеран Бахрейн менен Кувейттеги америкалык аскердик объектилерге сокку урганын маалымдады.
«АКШнын аскердик учактары, учкучсуз аппараттары жана деңиз күчтөрүнүн кемелери жети саатка созулган операциянын жүрүшүндө Ирандын ракета жана дрон объектилерине, деңиздеги аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө жана жээк коргонуу системаларына жогорку тактыктагы ок-дарылар менен сокку урду. Бул Ирандын коммерциялык кеме каттамдарына жана жарандык экипаждарга коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн алсыратууну улантуу максатында жасалды», – деп айтылды CENTCOM X социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсүндө.
Ошондой эле учурда Жакынкы Чыгыш аймагында АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык 20дан ашык аскердик кеме жана жүздөгөн аскердик учак иштеп жатканы айтылды.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) Бахрейндеги жана Кувейттеги америкалык аскердик объектилерге, анын ичинде АКШнын Бешинчи флоту пайдаланган жайларга сокку урганын билдирди. Ошол эле учурда Иорданиянын армиясы 15-июлда Иран тараптан учурулган үч ракетаны абадан атып түшүргөнүн маалымдады.
CENTCOMдун командачысы Брэд Купердин айтымында, Иран акыркы жети күндүн ичинде аймактагы жети коммерциялык кемеге атайылап чабуул жасады, натыйжада онго жакын жарандык экипаж мүчөсү каза болгону тууралуу баштапкы маалыматтар катталды.
Ал ошондой эле Иран күчтөрү коңшу Перс булуңундагы өлкөлөр тарапка ондогон ракеталарды жана учкучсуз аппараттарды учурганын айтты.
Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран сүйлөшүүгө кайтып келбесе Вашингтон Ирандын жарандык инфраструктурасына, анын ичинде электр станцияларына жана көпүрөлөрүнө каршы чабуул коюшу мүмкүн экенин эскертти.
14-июлда Fox News телеканалына курган маегинде Трамп АКШ жакынкы түндөрдө Иранга «абдан катуу» сокку урарын билдирген. Ошондой эле ал Иранга каршы аскердик операциялар тууралуу: «Мен жетишет деп айтканга чейин» улана берет деп кошумчалаган.
Шерине