Казакстанда жарандык активист Айжан Мамешовага эки жылдык эркиндигин чектөө жазасы чегерилди. Мындай чечимди 14-июлда Алматынын Медеу райондук соту «атайылап жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чыгарды. Бирок ал жазадан бошотулду.
Судья Мамешовага Конституциянын 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс колдонула турганын жана ал дайындалган жазадан бошотуларын билдирди.
Соттун өкүмүнө ылайык, Мамешовага беш жыл бою коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынды.
Мамешова Facebook социалдык тармагында Алматыдагы «Жануя» балдар үйүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери ал үй камагында болчу. Эми соттун чечими менен ага өлкөдөн чыкпоо жөнүндөгү тил кат чарасы колдонулат.
Активист коюлган айыпка жана соттун өкүмүнө макул эмес экенин билдирип, бул ишти атайын уюштурулган деп атады.
Балдар үйүнүн кызматкерлери тарбиялануучулардын мүлкүн мыйзамсыз тартып алып, аларды жеңилдиктерден ажыратып жатканын билдирген активист өспүрүмдөр кысымга туш болгонун да жазган. Андан кийин полиция Кылмыш-жаза кодексинин 274-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алгач Мамешова күбө катары өтсө, кийин шектүүгө айланган.
Юристтер жана коомчулук анын куугунтукка алынышын жарандык активдүүлүгү менен байланыштырып келишет.
Батыштагы укук коргоо уюмдары Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 274-беренесин сөз эркиндигин чектөөчү курал катары баалашат. Алардын пикиринде, беренедеги бүдөмүк жоболор тергөө органдары менен сотторго бийликке жакпаган адамдарды куугунтуктоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал эми Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий жүйө менен куугунтуктоо жок экенин билдирип келет. 2024-жылдын январында мамлекеттик басылмага курган маегинде президент Касым-Жомарт Токаев:
«Биздин мыйзамдарда жарандарды саясий көз караштары үчүн куугунтуктоого мүмкүнчүлүк берген бир да жарлык, бир да мыйзам же башка ченемдик документ жок», — деп айткан.