Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти

Кыргызстандагы Көчмөндөр оюндарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын калкынын саны 2026-жылдын башына карата 7 миллион 404 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Шаар калкынын үлүшү 41,7%дан 42,3%га чейин көбөйгөн, ал эми айыл калкынын үлүшү төмөндөп, 57,7%ды түздү.

2025-жылы калктын санынын өсүү темпи мурунку жылдагыдай эле деңгээлде калып, 1,7% болду.

Калктын өсүү көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында (тиешелүүлүгүнө жараша 2,8% жана 2,6%) жана Баткен облусунда (1,8%) эң жогору белгиленди. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Нарын облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 0,8% жана 0,4%) катталды.

2025-жылдын башында Кыргызстандын калкы 7 миллион 281 миң болчу. (ErN)

Дагы караңыз

"Аша чапкандык болуп жатканын айтты". Аскат Жетигендин каты, абак мекемесинин жообу Бишкек шаардык соту Имамидин Ташовдун ишин кароону улантты"Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашканда үйсүз калдым". Лейлектик тургундун арызы, бийликтин жообу “Сөгүп, ур-тепкиге алышат”. Абактагы Аскаттын каты