Киевге ракета, Харьковго дрон менен чабуул коюлду

Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Орусия аскерлери бейшемби, 16-июлга караган түнү Украинанын аймагына чабуулдарын улантты: Киев баллистикалык ракета, Харьков учкучсуз учак менен аткыланды.

Борбор калаа Киевге баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалып, бир нече жерде катуу жарылуу болду. Бул тууралуу "РБК-Украина" басылмасы жазды.

Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, сокку кеминде төрт ракета менен жасалды.

Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, Дарницкий районунда ракетанын калдыктары имараттын аймагына түшүп, өрт чыккан. Святошино районунда да өрт чыккан.

Баштапкы маалымат боюнча эки киши каза болуп, дагы алты киши жарадар болгону айтылды.

16-июлга караган түнү Орусиянын Куралдуу күчтөрү Харьковго да учкучсуз учактар менен сокку урушту. Шаардын мэри Игорь Тереховдун айтымында, Киев жана Шевченко райондору жабыркады. Шевченко районундагы сейил бактардын бирине сокку урулганда кинотеатрдын имараты, унаа токтотуучу жай жана теннис корту зыянга учураганы маалымдалды.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту Имамидин Ташовдун ишин кароону уланттыКыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти"Аша чапкандык болуп жатканын айтты". Аскат Жетигендин каты, абак мекемесинин жообу "Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашканда үйсүз калдым". Лейлектик тургундун арызы, бийликтин жообу