Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти

Кыргызстандагы Көчмөндөр оюндарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы Көчмөндөр оюндарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын калкынын саны 2026-жылдын башына карата 7 миллион 404 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Шаар калкынын үлүшү 41,7%дан 42,3%га чейин көбөйгөн, ал эми айыл калкынын үлүшү төмөндөп, 57,7%ды түздү.

2025-жылы калктын санынын өсүү темпи мурунку жылдагыдай эле деңгээлде калып, 1,7% болду.

Калктын өсүү көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында (тиешелүүлүгүнө жараша 2,8% жана 2,6%) жана Баткен облусунда (1,8%) эң жогору белгиленди. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Нарын облустарында (тиешелүүлүгүнө жараша 0,8% жана 0,4%) катталды.

2025-жылдын башында Кыргызстандын калкы 7 миллион 281 миң болчу. (ErN)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG