АКШ Ирандагы аскердик жана инфраструктуралык объектилерге эки ирет сокку уруп, ошондой эле Перс булуңундагы танкерге чабуул жасады. Тегеран жооп катары Бахрейн менен Кувейттеги америкалык базаларды аткылады.
Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрдүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга эки жолу чабуул коюлганын 16-июлда билдирди.
Биринчисинде Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан Сирик порттук аймагындагы объектилерге чабуул коюлганы айтылды. Мындан тышкары, Ирандын Mehr агенттигинин маалыматына караганда, Бендер-Аббас ири портуна үч жолу абадан сокку урулду. Ал эми Кешм аралынын аймагында балык унун өндүргөн завод зыянга учурады.
Иран агенттиктеринин маалыматына караганда, Хузестан провинциясындагы Ахваз шаарында, Систан жана Белужистан провинциясындагы Раск шаарында жана Кенарак портунда жарылуу болуп, айрым объектилер бутага алынган.
Ал эми чабуулдардын экинчи толкунунда америкалык аскерлер, CENTCOM билдиргендей, Ирандын командалык пункттарына, аба соккуларынан коргонуу объектилерине, ракета жана учкучсуз системаларына, ошондой эле жээктеги байкоо объектилерине чабуул койду. Маалыматка ылайык, бул аракет соода кемелерине Ирандын коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн мындан ары да алсыратууга багытталган.
Жайкын тургундар арасында каза болгондор же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
Ошондой эле АКШнын Куралдуу күчтөрү Перс булуңундагы ирандык портко бет алган бош мунай танкерине сокку урганы кабарланды. Америкалык тараптын маалыматы боюнча, Кюрасаонун желеги алдында сүзүп бара жаткан M/T Belma аттуу кеме Харк аралын көздөй бет алган. Танкер эскертүүлөргө баш ийбей койгондон кийин америкалык аскердик учак аны ракета менен атып, кемени жараксыз абалга келтирген.
АКШ Ирандын портторуна багыт алган же андан чыгып жаткан кемелерге каршы деңиз блокадасын 14-июлда кайра киргизген. Борбордук командачылыктын маалыматына ылайык, чектөөлөрдүн алгачкы суткасында эки коммерциялык кеме багытын өзгөртүүгө мажбур болуп, дагы бир кемеге карата чара көрүлгөн.
Иран буга жооп кылып Бахрейндеги менен Кувейттеги америкалык аскердик базаларга сокку урду. Ирандын IRIB басылмасынын маалыматына караганда, Бахрейндеги АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Бешинчи флотунун штаб-квартирасынын аймагында кеминде он жарылуу болду. Ал эми Mehr агенттиги Кувейттеги америкалык базада да жарылуулар катталганын жазды.
Америкалык базаларга жасалган чабуулдардан улам Сауд Арабиясы менен Иордания өз аба мейкиндигин жарым-жартылай жапты.
Ошондой эле ирандык маалымат каражаттары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун абадан коргонуу күчтөрү америкалык MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учакты атып түшүргөнүн кабарлашты.