Бишкек шаарындагы бир катар жерлерде электр энергиясын берүү жапырт үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар тургундары кабарлашты.
Башка басылмалар жазгандай, саат 14:00дөн кийин электр энергиясы бир нече жолу үзгүлтүккө учурап, кийин такыр өчүп калды. Маалыматтар шаардын ар кайсы райондорунан келип жатат.
Энергетика министрлиги бул боюнча бир аздан соң расмий маалымат берилерин билдирди.
6-июнда да Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарында электр энергиясы жапырт өчүп калган. Энергетика министрлиги кийин түшүндүрмө берип, “Парковая” – “Ала-Арча” линиясындагы 23-тирөөч менен 24-тирөөчтүн ортосундагы электр чубалгысын HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа үзүп кетип, шаардын бир бөлүгү электр жарыгысыз калганын билдирген.
Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (ErN)