Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

"Бош жер көп, үй-бүлөңөр менен келгиле!" Беларус өзбек ишкерлерин чакырууда

Өзбекстан менен Беларустун башчылары Шавкат Мирзиёев жана Александр Лукашенко. 2026-жылдын 9-июлу. Минск.
Өзбекстан менен Беларустун башчылары Шавкат Мирзиёев жана Александр Лукашенко. 2026-жылдын 9-июлу. Минск.

Беларус бийлиги өзбекстандык ишкерлерге бош турган фермаларын, миңдеген гектар жер аянттарын жана даяр инфраструктурасын пайдаланууну сунуштап жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, Минскинин бул демилгеси өзбекстандык фермерлерди кызыктырууда, алардын айрымдары буга чейин эле Беларустагы шарттар менен таанышып чыгышкан.

Беларус президенти Александр Лукашенко өлкөдө жумушчу күчүнө болгон муктаждык чоң экенин белгилеп, өзбек дыйкандарын үй-бүлөлөрү менен келип иштөөгө чакырууда.

Минскинин бул сунушу абдан жагымдуу көрүнгөнү менен айрым эксперттер көп жылдан бери санкциялардын алдында турган Беларус менен кызматташуунун укуктук кесепеттерин да эске алуу зарыл экенин белгилөөдө.

Өзбекстандын Ишкерлер палатасынын жана Чакан бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү бир айдан бери өзбек дыйкан-фермерлери үчүн Беларуска сапар уюштурууда.

Ал жакка барып келген делегация мүчөлөрү социалдык түйүндөрдө бөлүшүп жаткан видеолордон бул өлкөдөгү шарттар жана инфраструктура өзбекстандык фермерлердин кызыгуусун жаратып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн бири Беларусту «орустар жашаган Европа» деп мүнөздөдү.

Беларустун айрым аймактарында өзбекстандыктарга миңдеген гектар жер, мал чарбачылыгы үчүн даяр имараттар жана техника да сунушталууда.

«Бул жерде район жетекчиси: “Сизге кеминде 2000 гектар жер бөлүп берип коём, ошол эле учурда 3000 баш мал багууга мүмкүнчүлүк аласыз” деп жатат. Эгер биз Беларуста мал чарбачылыгы менен алектенсек, малды тирүү салмагында же эт түрүндө Өзбекстанга алып кетүүгө да мүмкүнчүлүк бар экен. Эгер мал төлдөсө, төлүн бул жерде бакпай эле Өзбекстанга алып кетүүгө да шарт түзүлөт экен», — дейт Беларуска барган өзбекстандык малчылардын бири.

Анын видеосу расмий делегациянын өкүлү Инстаграмга чыгарган постто көрсөтүлгөн.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордогу фермерлердин айтымында, Беларуста айрым мал чарба азыктарына суроо-талап жогору. Айыл чарба продукциясынын, айрыкча эттин баасы Өзбекстанга салыштырмалуу кымбатыраак, ал эми кой чарбачылыгы тармагында мүмкүнчүлүктөр кеңири.

«Учурда биздин малчылар Беларустагы жерлер менен таанышып жатышат. Жерлерди тракторлору, комбайндары менен кошо берүү сунушталууда. Мисалы, бир жерде 4100 гектар жер бар экен. Анын 2500 гектарына жүгөрү, буудай сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө болот. Калган бөлүгү мал жаюу үчүн пайдаланылат», — дейт дагы бир ишкер. Бул маалымат Чакан бизнес ассоциациясынын өкүлү Инстаграмга жүктөгөн видеодо айтылган.

Беларустун президенти Александр Лукашенко да Өзбекстандын жарандарын өлкөгө жөн гана иштегени эмес, үй-бүлөлөрү менен көчүп келип жашоого чакырганы бар:

«Келгиле, чогуу иштейли. Беларус эли өзбектерге абдан жылуу мамиле кылат. Ошондуктан мен сиздердин жарандарыңыздардын Беларуска үй-бүлөлөрү менен келип иштешин каалайм».

Беларус лидери бул тууралуу 8-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин айтты.

«Биз өзбектердин үй-бүлөлөрү менен келип, бул жерде отурукташып калышын абдан каалайт элек. Аларга медициналык жана билим берүү тармактарында жардам көрсөтүлсүн! Бул биз үчүн маанилүү, анткени беларус жергеси элсиз калбашы керек. Президентинин каалоосу бар, колдоосу бар. Аракет кылыш керек, эгер кечигип калсаңыздар, ордуңуздарга башкалар келип калышы мүмкүн!» — деди Александр Лукашенко.

Бул жолугушуунун жыйынтыгында Минск менен Ташкент стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга жана 2026–2030-жылдарга карата соода-экономикалык кызматташтык боюнча жол картасына кол коюшту.

«Мен биринчи жолу ушунчалык чоң делегацияны алып келдим — бүгүн Минскидеги жолугушууларга Өзбекстандан келген 230 компания жана ишкер катышууда. Форум эң жогорку деңгээлде уюштурулду. Келечектүү долбоорлор абдан көп», — деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстан президентинин Беларуска сапарынан кийин эки мамлекеттин аймактарынын жетекчилери деңгээлинде да кызматташтык башталды.

13-июлда Анжиян облусунун акими дагы эки жүздөн ашуун жумушчу менен Беларустун Витебск облусуна барды.

«Мага тапшырма берилген. Витебск — Беларустун жетекчисинин туулуп-өскөн жери. Урматтуу президентибиз мага: “Витебскке баргын, ал жерде калк жетишпейт, суу бар, жер бар, бирок эл жетишпейт” деген тапшырма берген. Бул эки президенттин тең тапшырмасы», — деди Шухрат Абдурахмонов.

Өзбекстандын Миграция агенттигинин маалыматына караганда, бул пилоттук долбоор жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Анжиян облусунун акимчилиги, Өзбекстандын Миграция агенттиги жана Беларустун Витебск облусунун Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо комитетинин ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Эксперттердин пикиринде, Беларус тараптын бул сунуштары сезондук жумушчуларды эмес, узак мөөнөткө келип жашап жана иштей турган эмгек мигранттарын тартууга багытталган.

Себеби Беларуста акыркы жылдары калктын саны азайып, эмгекке жарамдуу адамдардын саны кыскарууда. Айрыкча айыл чарба, өнөр жай жана курулуш тармактарында жумушчу күчүнүн жетишсиздиги сезилүүдө.

«Өкмөт эки вариантты карап жатат: өндүрүштү роботтоштуруу же чет өлкөлүк эмгек мигранттарын тартуу. Мурда Пакистан жөнүндө сөз болсо, азыр негизги көңүл Өзбекстанга бурулган. Бирок Беларуста айлык акы анча жогору эмес. Жергиликтүү тургундар айлык аз болгондуктан Чыгыш Европага иштегени кетишкен. Ошондуктан бул өзбекстандыктар үчүн канчалык кызыктуу болот деген да суроо турат», — дейт беларус экономисти Сергей Шалый.

Беларус аймагынын болжол менен 42 пайызы айыл чарба жерлеринен турат. Өлкө сүт азыктарын жана уй этин өндүрүү боюнча КМШдагы лидерлердин бири болуп эсептелет. Ички керектөөдөн ашкан продукция болсо Европа Биримдигинин санкцияларына байланыштуу азырынча негизинен Орусияга жана айрым КМШ өлкөлөрүнө экспорттолууда.

Бирок расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө айлык акынын төмөндүгү жана инфляциянын өсүшү себептүү 2020-жылдардан бери жарым миллиондон ашуун эмгекке жарамдуу адам Беларустан чыгып кеткен.

Бул мамлекетте минималдуу айлык акы 2026-жылга карата 858 беларус рублин, башкача айтканда, болжол менен 299 АКШ долларын түзөт.

Мындан тышкары, Беларуста төрөлүү көрсөткүчү да азайып баратат. 2024-жылы 58,9 миң ымыркай төрөлүп, бул өлкөнүн тарыхындагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири катары катталган.

Ошондуктан өкмөт чет өлкөлүк жумушчуларды, анын ичинде Өзбекстандан бара турган фермерлерди жана малчыларды узак мөөнөткө тартууга аракет кылууда.

Өзбекстандык эмгек мигранттары үчүн буга чейин негизги багыт Орусия болуп келген. Бирок Украинага каршы согуш жана анын натыйжасында киргизилген эл аралык санкциялардан улам Орусиядагы экономикалык абал оорлошуп бара жатат.

Ушундай шартта Беларус өзбекстандык эмгек мигранттары үчүн жаңы жана кызыктуу эмгек рыногу катары көрүнүүдө.

Өзбек тараптын расмий статистикасына ылайык, Беларуста иштеген өзбекстандыктардын саны болжол менен 3 500–4 000 адамды түзөт.

Алар негизинен текстиль өнөр жайы, автоунаа куруу, курулуш, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында эмгектенишет.

Азырынча Беларус менен түзүлгөн расмий келишимдер практикалык этапка өткөндөн кийин өзбекстандыктар кандай айлык акы алары, алардын эмгек укуктары кандай корголо турганы, үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу жана балдарынын билим алуусу кандай уюштурулары тууралуу маалымат бериле элек.

Ошол эле учурда Беларус экономикасынын айрым тармактары Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына дуушар болуп жатканы да талкуу жаратууда.

Талдоочулардын пикиринде, эгер жаңы биргелешкен долбоорлор санкциялык тизмедеги ишканалар же каржы институттары менен байланышып калса, анда аларга тартылган өзбекстандыктар үчүн да кошумча укуктук жана финансылык тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн.

Айрым эксперттер мындай биргелешкен долбоорлордун продукциясы үчүн негизги рынок Орусия жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен гана чектелип калышы мүмкүн экенин да жокко чыгарышпайт. Бирок мындай тобокелдикке туш болуу ыктымалдыгы ар бир долбоордун түзүмүнө жана андагы өнөктөштөрдүн курамына жараша болору белгиленүүдө.

"Азаттыктын" өзбек кызматы даярдаган макаланын түп нускасы бул жерде

Куржундар
XS
SM
MD
LG