Урустемованын өлүмү: Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адам өмүр бою кесилди

Мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемова.

Бишкектин Свердлов райондук соту аялы Жибек Урустемованы ажырашкандан кийин өлтүрүп салган У. Б.М. аттуу адамды коюлган беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою абакка кести. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.

Соттолуучу өзүнүн жана маркумдун уулу У.Б.Бга 1 млн сом өлчөмүндө моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

47 жаштагы Жибек Урустемова былтыр 23-декабрда Бишкектеги батиринде күйөөсү тапанча менен атып салганда ошол жерден мерт болгон. Ал күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту өткөнү, күйөөсү – мурдагы милиция кызматкери сотто ажырашпасын айтканы кийинчерээк белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, күйөөсү кармалган.

2025-жылы декабрда күйөөсүнүн колунан көз жумган Жибек Урустемованын ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергей турганы айтылган. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев кылмышты айыптап, маркумдун 19 жаштагы тун уулу Бекжанды кабыл алган. Жолугушуудан соң Жибек Урустемованын балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүү чечими кабыл алынганы, ипотекалык төлөмдөр, улуу уулун жумушка орноштуруу жана кичүү балдарын окутууга жардам берүү каралганы, бул маселе Ташиевдин өзгөчө көзөмөлүндө болору кабарланган.

Быйыл 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан алынган. (ErN)

Дагы караңыз

Тажикстан, Иран жана "Талибан" Ооганстан аркылуу транзиттик коридор ачууну макулдаштыКытай–Кыргызстан: Аталышы талаштуу уюмдун таржымалы Бишкекте бир катар жерлерде жарык жапырт өчтүТашовдун иши: Шаардык сот ишкерди сегиз жыл абакка кести