Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Wildberries маркетплейсинин кампаларына жасалган чабуулдан каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун такташ үчүн Москва облусундагы Электросталь шаарына барды.
Бул тууралуу 18-июлда элчиликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Алдын ала маалыматта Электросталдын өзүндө көп кыргыз жарандары иштейт. Учурда өрт чыккан жер курчоого алынып, кампада документи калып кеткен адамдар ичкери кире албай турушат.
Социалдык медиада тараган видеолордун биринде кыргызча сүйлөгөн эркек киши "аялы кампадан чыга албай калганын" айтып жатканын угууга болот.
18-июлга караган түнү Подмосковьедеги Wildberries маркетплейсинин кампасына дрон түшкөн. Аймактын башчысы Андрей Воробьев 24 адам жараат алганын кабарлады.
Ушул эле түнү Wildberries компаниясынын Тамбов облусундагы Котовск шаарындагы кампасына дагы дрон тийген. Облус башчысы Евгений Первышовдун маалыматында жети киши каза болуп, 25 киши жараат алды, алардын 23ү ооруканага жаткырылды.
Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко Wildberries кампаларына кол салуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Москва жана Тамбов облустарындагы "логистикалык объекттерге" сокку урулганын ырастап, алар "дрон жана навигация жабдыктарын өндүрүү үчүн санкцияга кабылган тетиктерди жеткирүүдө колдонулганын" билдирди. (ST)